Керектөөчүгө сапатсыз уюлдук телефон үчүн төлөгөн 1200 сому кайтарылып берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жаран Э.С.Cейитказиев Бишкек шаарынын соода борборлорунун биринен сатып алган уюлдук аппаратын  алмаштырып же товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Арыздануучунун айтканына таянсак, 2013-жылдын 31-декабырында керектөөчү “Nokia 100” маркасындагы уюлдук телефонун 1200 сомго сатып алган. 2014-жылдын 27-январында телефон күйбөй, кнопкалары иштебей калгандыктан, керектөөчү сатуучуга кайрылган учурда, сатуучу керектөөчүнүн талаптарын аткарып берүүдөн баш тарткан.

Ошондо, керектөөчү өзүнүн керектөөчүлүк укуктарын коргоо үчүн Мамагенттикке кайрылган. Арыздын негизинде Мамагенттиктин кызматкерлери териштирүүжүргүзүп, сатуучуга Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” мыйзамынын ченемдерин түшүндүргөн соң, сатуучу өз күнөөсүн түшүнүп, керектөөчүгө 1200 сом кайрып берди.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov