Окуучуларды албай койгондугу үчүн «Абдулхамид Транс» жана «Уран Транс» ЖЧКларынын айдоочуларына чара көрүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин  Ош шаардык бөлүмүнүн дарегине 2014-жылдын 3-март күнү Ош шаарынын көпчүлүк калкынын атынан «Абдулхамид Транс» ЖЧКсына тиешелүү №125 маршруттук каттамдын №0 26-79 Т, О 15-64 АХ жана «Уран Транс» ЖЧКсына тиешелүү №135 маршруттук аттамдын №О 28-96 Т кичи автобустун айдоочуларына карата арыз келип түштү. Арызда айтылгандай жогорудагы кичи автобустун айдоочулары шаардагы окуучуларды көпчүлүк учурларда албай койгондугу кездешкен.

Арыздын негизинде Мамагенттиктин Ош шаардык бөлүмү тарабынан Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине териштирүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында жогорудагы айдоочуларга эскертүү берилгендиги жана ал айдоочулардан түшүнүк кат алынып, мындан кийин кайталанса катуураак чара көрүлө тургандыгын жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинен кабарлашты.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00