Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата Ош шаарында тегерек стол өткөрүлдү

Жыл сайын көптөгөн өлкөлөрдө белгиленген Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 2014-жылдын 18-мартында Ош шаарында тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столдо Ош облусунун губернаторунун орун басары А.М.Махамадов, Ош облусунун райондук администрациясынын өкүлү, Ош облусунун керектөөчүлөрүнүн укугун коргоо боюнча коомдук бирикмелер жана башка Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышышты.

Губернатордун орун басары А.М.Махамедов өзүнүн сөзүндө Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү Кыргыз Республикасында 1993-жылдан бери белгиленип келе жаткандыгын айтып, базар экономикасы менен жашап келе жаткан бүгүнкү күндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча бүгүнкү күндөгү көйгөйлүү маселелерге токтолуп, кызмат көрсөтүү тармактарында, базарларда эл керектөөчү товарлардын сапаттарын көзөмөлдөө жетишсиз экендигин айтып өттү.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндөгү мыйзамына ылайык керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо функциялары: Монополияга каршы мамлекеттик орган, Метрологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик инспекция, Санитардык, ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция, Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн алдында райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандарын саламаттыгын коргоо кызматы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар жана алар түзгөн комиссияларга жүктөлгөндүгүн белгилеп кетти.

Билим берүү тармагында студенттер менен мугалимдердин ортосундагы зачет жана экзамендерди соодалашуу, окуучулардын тамак-аштарын сапатсыздагы, электр энергия тармагындагы болгон карыздар үчүн электр зымдарын үзүп коюу, аларды кайрадан акча төлөтүп улап берүү жана башка көптөгөн көйгөйлүү маселелер бар экендигин айтып өттү.

Жогорудагы айтылган тийиштүү мекемелер жана “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” боюнча коомдук мекемелер, район шаарлардагы комиссиялар менен биргиликте тынымсыз иштерди күчөтүү керектигин белгилеп кетти.

Айтылган иш чарада “Керектөөчүлөрдүн товарлар жөнүндө маалыматты мамлекеттик тилде алууга болгон укугу” жана “Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк товарларды сатуу фактылары тууралуу” темалар көтөрүлүп, талкууланды.

Азыркы убакта керектөөчүгө (сатып алуучуга) товарларды туура тандап алууга мүмкүнчүлүк бере тургандай кылып, пайдаланууга, мөөннөттөрүн жана сактоо эрежелерин колдонуу боюнча товарлар жөнүндө зарыл жана так маалыматтар берилбей жатат. Себеби, товарлардын маркировкасы чет тилдеринде, көбүн эсе англис, түрк ж.б тилдеринде берилген.

Ошондой эле, Республикабыздын региондорундагы дүкөндөрдүн текчелеринде көбүн эсе мөөнөттөрү өтүп кеткен азык түлүк товарлар кезигээрин белгилеп кетиш керек. Мындай жагдайлар керектөөчүлөрдүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч алып келип, керектөөчү бул убакта корголбой жатканы тынчты алат.

Тегерек столдун жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:

$1   1.  Мөөнөттөрү өтүп кеткен азык түлүк товарларды жок кылуу үчүн комиссия түзүүжөнүндө чечими;

2. Алынып келинген товарларда мамлекеттик жана официалдык тилдерде маалыматтын болушу абзел экендиги жөнүндө товарларды жабдык кылуучулар менен түшүндүрмө иштер жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov