Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Казаков Б.К айт майрамына карата куттуктоосу

Урматтуу мусулман бир туугандар жана Монополияга каршы органдын жалпы жамааты, сиздерди улуу Курман айт майрамы менен  чын дилимден  куттуктайм. Курман айт-бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеп, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырып, ак ниеттүлүккө жана кечиримдүлүккө чакырат  жана  улуттар аралык ынтымак менен достукту бекемдейт.  Ушул куну баардык мусулмандар  айт намазын окуп, өтүп кеткен, ата бабаларын, жакындарын  эскеришип  аларга куран тушуруп, курмандык союп,  дасторкон жайып, элден бата алышат.  Улуу Курман айт майрамында Алла Талаа биздин өлкөбүзгө экономикалык өсүүну, биримдикти, тынчтыкты, ынтымакчылыкты, кут берекени насип кылсын.  Учурдан пайдаланып баардык Кыргызстандыктарга чын ден соолук,  бакубатчылык каалайм. Урматтуу мусулмандар  Курман айт маарек болсун.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00