Сотрудниками Бишкекского городского отдела антимонопольного органа были проведены лекции для студентов

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн 2016-жылдын 14 мартындагы №122 токтому менен бекитилген “2016-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын көтөрүү концепциясын” иш-чаралар планынын 2.9 бөлүгүн аткаруу максатында  Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Мамалекеттик агенттигинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан №20 кесиптик лицей, К.Карасаев атындагы Бишкек шаардык гуманитардык университетин студентерине “Өз укуктарынды билип жүр”, “Монополияга каршы органдын максаттары, маселелери, функциялары” тематикасына түшүндүрүү лекциялар өткөрүлдү.

     Окуучулардын укуктук сабатсыздыгы акырындап мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп калуу тажрыйбаларынын жок болуусуна алып келет, аны заманбап шарттарда кыйла аялуу кылат, ошондой эле коррупцияны жана социалдык чыңалууну жогорулатууга жагымдуу чөйрөнү түзөт.

     Түшүндүрүү лекциялар окуучулардын укуктук маданиятын көтөрүүгө каралган жана өзүнүн укуктарын туура пайдалана билүү, тыюу салууларды сактоо жана милдеттерди аткарууну калыптандырууну камсыздандырууга багытталган.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov