Кыргыз Республикасынын өкмөтүнү караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмүнө 2019-жылдын 25-сентябрында Нарын шаарынын тургуну А.К.дан арыз келип түшкөн.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнү караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмүнө 2019-жылдын 25-сентябрында Нарын шаарынын тургуну А.К.дан арыз келип түшкөн.

Арызда Нарын шаарынын борбордук базарынан кышкы бут кийим сатып алып, бирок ал бут кийим кардарга жакпай калгандыктан эртеси сатуучуудан акчаны кайтарып берүүнү сураган. Сатуучу өз кезегинде акчаны кайтарып берүүгө макул болбой, башка бут кийимге алмаштырып алууну сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндөгү Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде Мам.агенттиктин Нарын облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” жөнүндөгү Мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктуна ылайык “Эгерде окшош товар керектөөчү сатуучуга кайрылган күнү сатуу да жок болсо, керектөөчү өз каалоосу боюнча соода-сатык келишимин бузууга укуктуу” деп көрсөтүлгөндүктөн арыздануучунун талабы канаттандырылып берилди.

 

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00