2019-жылдын 13-февралында И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинде Ысык-Көл облустук бөлүмү “Ичүүчү сууга болгон бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби” темасында тегерек стол өткөрдү

2019-жылдын 13-февралында И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинде Ысык-Көл облустук бөлүмү “Ичүүчү сууга болгон бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби” темасында тегерек стол өткөрдү Кыргыз Республикасынын өкмөтунө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс катчысы А. А. Мамыралиевдин жана директордун орун басары К. Д. Тайлаковдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексин иштетүү жана колдонуу темасында тегерек стол өткөрүлдү

2019-жылдын 13-февралында И. Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинде Ысык-Көл облустук бөлүмү “Ичүүчү сууга болгон бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби” темасында тегерек стол өткөрдү Кыргыз Республикасынын өкмөтунө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс катчысы А. А. Мамыралиевдин жана директордун орун басары К. Д. Тайлаковдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексин иштетүү жана колдонуу темасында тегерек стол өткөрүлдү. Тегерек столдо медицина, билим берүү, маданият жана башка тармактагы мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты, анын ичинде төмөндөгүлөр:

- Ысык-Көл областык үй-бүлөлүк медицина борбору,

- Ысык-Көл областык тиш дарылоо бейтапканасы;

- Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасы;

- Каракол шаарынын маданият бөлүмү;

- Суу чарба башкармалыгы;

- Каракол шаарынын “Суу түтүкчө” муниципалдык ишканасы

- жана башка мамлекеттик мекемелер

Тегерек столдун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын өкмөтунө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин статс катчысы А. А. Мамыралиев жогорудагы айтылган кодекстин, ошондой эле 2018-жылдын 21-декабрындагы №603 токтом менен бекитилген, Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун колдонулушу жөнүндө айтып берди.

Андан тышкары, коррупцияга каршы иш чаралар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын бааларын электрондук макулдашууга өтүү жөнүндө айтылды. Жана Ысык-Көл областтык бириккен ооруканасы ыргыз Республикасынын өкмөтунө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ысык-Көл облустук бөлүмүнүн ишеним индекси жөнүндө сөз болду.

Ошондой эле, текшерүүлөрдүн материалдардын кыймылын электрондук эсепке алуу иштеп баштагандыгы боюнча айтылды, бул система монополияга каршы мыйзамдарды ачык жана так аткарууга багытталган

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov