Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтомунун “Мамлекет жөнгө салуучу чарбалык субьекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоо

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча бөлүмү (мындан ары-Бөлүм), Кыргыз Республикасынын “Табигый моноплиялар жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтомунун “Мамлекет жөнгө салуучу чарбалык субьекттеринин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун” тартиби жөнүндөгү Жобосунун негизинде, 3-бөлүгүнүн 12-1 бөлүкчөсүн аткаруу максатында, Москва районуна караштуу Төлөк айыл өкмөтүнүн “Жайчибек-Суу” муниципалдык ишканасынын ичүүчү сууга болгон долбоорун кароо үчүн, 2019-жылдын 12-ноябрында жалпы бул маселеге тийешеси бар тараптар чакырылып алардын катышуусу менен талкуулоо болуп өттү.

Талкуулоого катышкандар төмөндөгүлөр:

1. Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысы- Маматов Э.Э.

2. Башкы эсепчиси - Шабдалиева Б.

3. Орок айылынын тургуну- Жамалкыяно Ж.

4. Орок айылынын тургуну- Ниязкулов С.

5. Орок айылынын тургуну - Айткулов З.

6. “Жайчибек-Суу” МИ директору – Жолдошалиев К.

7. Арис- Жээналиев Э.

 

Бөлүм башчы

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00