2019-жылдын 9 айындагы Мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу отчет

Отчеттук мезгилде Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБдин мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин, Мамлекеттик агенттиктин 2019-жылга карата иш планынын, Мамлекеттик агенттиктин директорунун иш- аракеттеринин/милдеттеринин планынын, 2019-жылга Монополияга каршы жөнгө салууну өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүүнүн улуттук/ мамлекеттик программаларынын алкагында максатка багытталган иш алып барылды.

Иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчеттор белгиленген мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлүп турду.

 

Мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу

            Атаандаштык (монополияга каршы) саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасын КРнын мыйзамдарына жана ЕАЭБдин ченемдик базасына ылайык келтирүү максатында, ченемдик укуктук актылардын 10 долбоору иштелип чыкты (3 мыйзам долбоору, анын ичинен  2-мыйзам долбооруна кол коюлду, жана 6 токтомдун долбоору, анын 4 кабыл алынган).

 

Аткаруу бийлиги органдары тарабынан монополияга каршы мыйзамды бузууну алдын алуу максатында, Мамлекеттик агенттик тарабынан отчеттук мезгилде мамлекеттик органдар тарабынан берилген ченемдик укуктук актылардын 228 долбооруна экспертиза жүргүзүлдү. Алардын 137 ине сын-пикирлер жана сунуштар берилди.

 

2018-2025- жылдарга монополияга каршы жөнгө салууну өнүктүрүүнүн стратегиялык программасы

2019-жылга Монополияга каршы жөнгө салууну өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын ишке ашыруу боюнча Мамлекеттик агенттиктин Иш-чаралар планы Коллегиянын чечими менен иштелип чыкты жана бекитилди. Ар бир пункт боюнча индикаторлор аныкталган.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Аймактар үчүн таза суу” форумунда сүйлөгөн сөзүндөгү иш-чаралардын планын орундоо максатында төмөндөгүлөр иштелип чыкты:

  • 2026-жылга чейинки борборлоштурулган суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтик саясатынын концепциясынын долбоору.
  • ичүүчү суунун тарифинин өздүк наркын эсептөө боюнча тартип. Долбоорлор тиешелүү министрликтер менен макулдашылды жана Экономика министрлигине берилди.
  • суу менен камсыздоочу ишкана жана мекемелердин, ошондой эле ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда республика боюнча (Бишкек ш., Ысык-Көл, Ош областы ж.б.) бир нече жумушчу кеңешмелер өткөрүлдү.  

 

Мамлекеттик агенттиктин директорунун иш-аракеттер/иш-чаралар планы

2019-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан Мамлекеттик агенттиктин директорунун 2019-жылга карата иш-аракеттер/иш-чаралар планы бекитилди. Пландын аткарылышы тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына белгиленген мөөнөттө жөнөтүлүп жатат.

 

Мамлекеттик жөнгө салуу

 

-Табигый монополия субьектилерин

30.09.2019-жылдагы абал боюнча чарбакер субьекттердин жалпы саны 77 бирдикти түзөт, андан:

  • республикалык реестрде – 6 субъект;
  • аймактык реестрде – 71 субъект.

Табигый монополиялардын ишмердигин мамлекеттик жөнгө салуу максатында:

- 21 эсептик материалдар каралган;

- табигый монополия субьекттеринин товарларына жана кызматтарына 89 баалар жана тарифтер макулдашылган.

 

2019-жылдын 1- январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 17-декабрындагы № 586 токтомуна ылайык, ишкердик субьекттерине текшерүү өткөрүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизилгендигине байланыштуу, табигый монополия субьекттерин текшерүү отчеттук мезгилде өткөрүлгөн эмес.

Мындан мурда жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн материалдарын кароонун жыйынтыктары боюнча, Мамлекеттик агенттиктин коллегиясы тарабынан жалпы суммасы 1,391 млн. сом суммасына монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын бузуу менен алынган кирешени республикалык бюджетке кайтарып алуу тууралуу чечим кабыл алынган.

 

“Кыргызтелеком” ААКы

 

"Кыргызтелеком "ААКсынын телефондук канализациясынан пайдаланууга башка уюмдарга берүү" кызматына тариф төмөндөтүү менен макулдашылган. Тариф мурда колдонулган деңгээлинен 19,05% га азайган (761ден 616 сомго 1 кан/км үчүн, салыктарды эсепке албаганда).

Бүгүнкү күндө макулдашылган тариф күчүнө кирди.

 

 

  • Мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтар

Мамлекеттик кызматтарга тарифтердин негизсиз жогорулоосун болтурбоо максатында , бардыгы болуп 7430 баалар (тарифтер) макулдашылган, анын ичинде 750 баалар (тарифтер) аткаруу бийлик органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрү көрсөткөн акы төлөнүүчү кызматтарга (иштерге).

Кызматтарга (жумуштарга) бааларды (тарифтерди) коюунун жана колдонуунун тууралыгын бузууга карата көзөмөлдүк иш-чараларды жүргүзүүдө жалпы 100,5 млн. сом өлчөмүндөгү айыптык жана экономикалык санкцияларды салуу тууралуу чечимдер кабыл алынды.

Табылган тартип бузуулар боюнча 5,460 млн.сом суммасына кайра эсептешүүлөрдү өткөрүү тууралуу чечим кабыл алынган.

 

Отчеттук мезгилде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы үчүн 2017-жылдагы үлгүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун - бирдейлештирилген карта формасындагы (ID-карта) паспорттор жана 2006-жылдагы үлгүдө Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту менен Кыргыз Республикасынын жарандарын тез арада документтештирүү боюнча кызматтарга тарифтер (баалар) прейскуранты төмөндөтүлүп макулдашылган.

Мурда колдонуудагы тарифтерди азайтуу ID-картага 0,8% ден 30,3% чейин жана жалпы жарандык паспортко 24,5% дан 27,5% чейин түзгөн.

2019-жылдын 1-мартынан тартып төмөндөтүлгөн тарифтер боюнча паспортторду тез арада жол-жоболоштурууга документтерди кабыл алуу башталган.

           

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери боюнча:

 

2019-2020-жылдын жылытуу мезгилинде көмүргө баалардын негизсиз жогорулоосун болтурбоо максатында:

- республика боюнча отун-энергетикалык комплекс ишканаларына камсыздоочу 19 көмүр казып алуучу компанияларга  көмүр баалары белгиленген;

- “Кара-Кече”- Балыкчы темир жол станциясы жана Таш-Көмүр шаары – Бишкек шаардык ЖЭБ аймактары боюнча көмүрдү авто ташууга баалар аныкталган;

- Ош шаарынын ЖЭБсына, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук менен камсыздоочу филиалдарына жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүктөрүнө жылуулукту жеткирүү үчүн “М-100” маркасындагы мазутка баалар белгиленген.

 

            Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, 2019-жылы мезгилдик айыл-чарба талаа иштерин өткөрүүдө айыл-чарба өндүрүүчүлөрүнө жагымдуу шарттарды түзүү максатында:

  • Республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолуу тартибинде үрөндүк чарбалар тарабынан себүүгө берилүүчү жаздык буудайдын, жаздык арпанын, пахтанын, беденин, эспарцеттин, картошканын, ошондой эле жүгөрүнүн үрөндөрүнө сатып алуу баалары белгиленди.
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатып алынуучу буудай данына сатып алуу баасы белгиленди;
  • үрөндүк чарбалар тарабынан себүүгө берилүүчү супер-элита, элита, биринчи жана экинчи репродукциядагы күздүк буудайдын, күздүк арпанын сатып алуу баалары белгиленген.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы “ Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө” №537 токтомун орундоо максатында, кыйыр салыктарды толук төлөөнү камсыз кылуу максатында:

  • контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмеси дагы 1 товардык позиция менен толукталган (пиво-48,0 сом / 0,5 л.).

 

 

Жарандардын паспорттору жөнүндө маалыматты электрондук сервис аркылуу банктарга берүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу максатында:

Мамлекеттик каттоо кызматы үчүн электрондук сервис аркылуу банктарга, банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдарга, нотариалдык контораларга жана жеке нотариустарга Кыргыз Республикасынын жарандарынын анык же анык эмес улуттук паспорттору тууралуу маалыматты берүү боюнча кызматтын наркы макулдашылды.

 

            Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана бюджеттик каражаттарды туура пайдалануу максатында:

            Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканасы чыгарган продукцияга баалар белгиленген (414 позиция).

 

Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” Мыйзамын аткаруу максатында 40 баа (тариф) макулдашылган.

         

Кыргыз Республикасынын “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамын аткаруу үчүн 60 баа (тариф) макулдашылган.

 

 

Кыргыз Республикасынын “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо

Отчеттук мезгил ичинде “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамды бузуу белгилери боюнча:

  • жеке жана юридикалык жактардан 35 арыз (даттануу) каралган;
  • арыздарды (даттанууларды) жана текшерүүлөрдү карап чыгуунун жүрүшүндө монополияга каршы мыйзамды бузгандыгы боюнча 76 чечим кабыл алынган.

Монополияга каршы мыйзамды бузууну жоюу талабы менен 54 эскертме берилген, анын 49у аткарылган, калганы аткаруу процессинде турат.

“Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 10-беренесин “Товарларды сатып алууга монополияга каршы талаптарын” бузуу басымдуу бөлүгүн (30%) түзгөн.

 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги менен “Коррупцияга каршы коом” коомдук бирикмесинин лицензия алып,  Адвокатурага мүчө болуп киргиси келгендерге 20 миң сом өлчөмүндө кириш төгүмдүн Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан алынуусу тууралуу кайрылууну кароонун алкагында Мамлекеттик агенттик тарабынан Адвокатурага кириш төгүмдү алып салуу тууралуу жазма эскертүү берилди.

Адвокатура тарабынан кириш төгүмдүн алынуусу адвокаттык ишмердикти жүргүзүү үчүн лицензия алгандарга адвокаттык ишмердиктин рыногуна кирүү үчүн тоскоолдук деп табылды.

Адвокатура Мамлекеттик агенттиктин чечимин соттук тартипте даттанды.

Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун 2019-жылдын 27-августундагы чечими Мамлекеттик агенттиктин пайдасына чечилди.    

 

Отчеттук мезгилде “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын ченемдерин сактоого контролду жүргүзүү максатында:

- “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 6-беренесинин  4 тартип бузуу каралган жана жоюлган («Үстөмдүк абалды кыянаттык менен пайдалануу”).

- “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 8-беренесин бузуунун 15 белгилери каралган жана жоюлган (“Ак ниет эмес атаандаштык”).

            - “Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 9-беренесин (“Атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актылары жана аракеттери (аракетсиздиги)”) бузуунун 14 белгилери каралган жана жоюлган.

-“Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 10-беренесин (“Товарларды сатып алууга монополияга каршы талаптар”) сатып алууларды өткөрүүдө 20 тартип бузуу каралган жана жоюлган.

 

Ишмердиги атаандаштыкты чектөөгө алып келе турган чарбакер субьекттердин үстөмдүк абалынын пайда болушун же күчөтүүнү болтурбоо максатында (“Атаандаштык жөнүндө” Мыйзамдын 11-беренесине ылайык) кошулуунун натыйжасында чарбакер субьекттердин ээлик кылуучу документтеринин 15 пакети каралган. Экспертизанын жыйынтыгында  1 өтүнмө четке кагылды, 14үнө оң корутунду берилди,  анткени бардык процесстер административдик чыгымдарды кыскартуу максатында кайра түзүүгө байланышкан.

 

 

Кыргыз Республикасынын товардык рынокторунда үстөмдүк абалды ээлеген чарбакер субьекттердин ишмердигине экономикалык-статистикалык байкоолор

30.09.2019 -жылдагы абалга карата үстөмдүк абалды ээлеген субьекттердин мамлекеттик реестрине киргизилген чарбакер субьекттердин жалпы саны 111 бирдикти түзөт, андан:

  • республикалык реестрде – 18 субъект;
  • аймактык реестрлерде – 93 субъект.

Отчеттук мезгилде талдоолордун жыйынытыктары боюнча Доминанттар реестринен 9 субьект чыгарылган (“республикалык” - 1, “аймактык реестрлер”-8):

Ошол эле учурда талдоолордун жыйынтыктары боюнча кошумча 6 субьект (“республикалык” - 1, “аймактык реестрлер”- 5) киргизилген.

 

КММ рыногу

Рыноктогу кырдаал дайыма республиканын бардык аймактарында чекене бааларга экспресс-сурамды өткөрүү жолу менен байкоого алынат. Баалардын динамикасын талдоонун жыйынтыгы боюнча баалардын негизсиз жогорулоосун болтурбоо боюнча нефтетрейдерлерге тиешелүү сунуштамалар берилет.

Мамлекеттик агенттиктин аянтчасында Кыргызстандын ири нефтетрейлдерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир катар жумушчу жыйындар өткөрүлгөн.

Ишти карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча, «Газпром нефть Азия» ЖЧКсына карата монополияга каршы мыйзамды бузуу белгилери боюнча иш каралган. Бензинге чекене бааларды азайтуу боюнча чара көрүү жолу менен “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесин (“Үстөмдүк абалды кыянаттык менен колдонуу”) бузууну болтурбоо тууралуу эскертме берилген.

Жыйынтыгында май-июнда КММга баалар жогорулаган эмес.

Ушул жылдын январь-май айларында ири нефтетрейдерлердин автомай куюу станцияларында төмөндөө тенденциясы 10% дан -11% га чейин байкалган.

Бирок, июль айынан сентябрь айына чейин КММга болгон баа орточо эсеп менен литрине 1,9% же 0,9 сомго жогорулаган, мында суюлтулган углеводород газына болгон баа 1,6%га томондоо тенденциясын корсотуудо. Мунун себеби болсо россиялык жеткируучулор тарабынан дун-кое беруучу баалардын жогорулоосу болуп эсептелет.  

Бүгүнкү күндө республикада КММнын керектелишин камсыздоо менен байланышкан көйгөйлөр жок.

 

 

Товарлар (жумуштар, кызматтар) рыногундагы атаандаш чөйрөнү талдоо

2019-жылга Товардык рынокторго талдоолорду өткөрүү планы бекитилген.

Отчеттук мезгилде товар рынокторуна 59 талдоо жана сереп жүргүзүлдү.

            Талдоолордун жыйынтыктары боюнча тиешелүү товардык рыноктордо атаандаштыктын бар экендиги, анын абалы аныкталган жана атаандаштык чөйрөсүн түзүү процессинде монополияга каршы органдын кийлигишүү зарылдыгы аныкталган.

Социалдык маанилүү товарлары рыногу (14 позиция боюнча) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-апрелиндеги № 242 “Социалдык маанилүү товарлардын айрым түрлөрүнө бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” токтому менен аныкталган, бааларына убактылуу мамлекеттик жонго салуу киргизилиши мумкун болгон рыноктор Мамлекеттик агенттиктин көзөмөлүндө дайыма турат.

            Негизги азык-түлүк товарларына баалардын негизсиз (ортомчулук) өсүү фактылары боюнча жүктөлгөн ыйгарым укуктардын  алкагында таасир этүүнүн тиешелүү чаралары көрүлүүдө.

Отчеттук мезгилде өзгөчө көңүл ун, эт, төө буурчак жана сүт рынокторуна бөлүнгөн.

            Дайыма негизги тамак-аш азыктарына, көмүргө, КММга жана жашылчага рыноктук чекене баалардын электрондук баа кырдаалы жүргүзүлөт.

Социалдык-маанилүү товарларга чекене баалардын мониторингинин жыйынтыктары жума сайын Мамлекеттик агенттиктин расмий сайты www. antimonopolia.gov.kg жайгаштырылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Президетинин Аппаратына (бардыгы болуп отчеттук мезгилде 57 маалыматтык жазуу жиберилген) жиберилет.

Ошондой эле, ЖМКсына түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө (жаңылык каналдарына, интернет басылмаларына ж.б. интервью берилет).

 

 

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана жарнама ишмердиги чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контроль

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү мыйзамды сактоого контролду ишке ашыруу үчүн отчеттук мезгилде керектөөчүлөрдөн 230 кайрылуу/ арыздар каралды жана 74 карап текшерүү жүргүзүлдү. Кайрылууларды, арыздарды кароонун жүрүшүндө 227 мыйзам бузуу аныкталган, алардын 166сы ыктыярдуу түрдө жоюлду; 40 тартип бузуу боюнча өндүрүштө иш козголгон. Муну менен катар 97 жазма эскертүү берилип, алардын 91и аткарылды, 6оо аткаруу процессинде.

Кайрылуулардын жалпы көлөмү – бул кепилдик тейлөө (келишим) шартына даттануулар; керектөөчүгө бергенден кийин товардын (жумуштун, кызматтын) кемчиликтеринин пайда болушу; курулушка үлүштүк катышууда келишимдик милдеттерди аткарбоо; мамлекеттик жана расмий тилдердеги маркалоонун жоктугу; товарларга бааларды көрсөтпөө болуп эсептелет.

Отчеттук мезгилде арыздарды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча керектөөчүлөргө бардыгы болуп 339,0 миӊ сом кайтарылган.

 

“Жарнама жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууну болтурбоо максатында монополияга каршы органдын демилгеси боюнча 138 карап текшерүү жүргүзүлүп, 16 кайрылуу, арыз каралды. Карап чыгуунун жыйынтыктары жана арыздарды кароонун жыйынтыгы менен 241 мыйзам бузуу аныкталган, алардын ичинен 111 карап чыгуунун жыйынтыгында жоюлду, 77 тартип бузуу боюнча өндүрүш иши козголгон.  Муну менен катар 130 жазма эскертүү берилип, алардын 127си аткарылды. калгандары аткаруу процессинде. Административдик айып салуу жөнүндө 13 токтом чыккан, айыптар 11 токтом боюнча төлөнгөн.

КРнын “Жарнама жөнүндөгү” Мыйзамын бузуулар үчүн – 156, 5 миӊ сомго административдик айып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

           

Евразиялык экономикалык комиссиянын алкагындагы иштер

ЕЭК өз ара кызматташуусунун алкагында 75 жыйынга (видеоконференция форматында)  катышкан.

Отчеттук мезгил ичинде ЕЭК Коллегиясынын 12 отуруму боюнча, ЕЭК Кеңешинин 13 отуруму боюнча жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 1 отуруму, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин 2 отуруму боюнча материалдар каралган.

Аталган отурумдардын алкагында 89 маселе/долбоор боюнча корутунду каралган жана даярдалган.

ЕЭК алкагында төмөнкү багыттар боюнча иштер өткөрүлгөн:

  • ЕАЭС жөнүндө Келишим менен белгиленген атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоого контролду жүргүзүү;

- табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин алкагында;

- ички рыноктордун иштөөсү боюнча Консультативдик комитеттин алкагында.

Материалдар даярдалган жана катышылган:

- Евразия экономикалык союзунун мамлекет-мүчөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин жыйынында «5+1» форматында (Москва шаары, 2019-жылдын 26-28-февралы). “Кыргыз Республикасында монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жаңы айыптар жөнүндө” темасына доклад берилген.

- Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин отурумунда (Москва шаары, 2019-жылдын 17-18 марты).

 

Бишкек шаарында VI Эл аралык “Евразия жумалыгы” көргөзмө форумун өткөрүүнүн алкагында, кийинки иш-чаралар жүргүзүлдү:

  • үстүбүздөгү жылдын 24-сентябрында ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегиянын мүчөсүнүн (министр) төрагалыгында, комитеттин мүчөлөрүнүн жана ЕАЭКке мүчө-мамлекеттердин бардык эксперттеринин катышуусунда табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин 16-отуруму болуп өттү. Мамлекеттик агенттик тарабынан “Кыргыз Республикасындагы аба каттамдарын жерден тейлөө чөйрөсүндөгү табигый монополияларды жөнгө салуулардын практикасы жана тажрыйбасы жөнүндө” доклады окулду.
  • үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында ЕАЭКке мүчө-мамлекеттердин монополияга каршы мекемелеринин жетекчилеринин, ЕАЭКке мүчө-мамлекеттердин атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсүнүн (министр) жана ЕАЭКке мүчө-мамлекеттердин бизнес ассоциацияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 5+1 форматында биргелешкен кеңешме болуп өттү.

Кыргызстандын монополияга каршы органы тарабынан “Кыргыз Республикасындагы дары каражаттары рыногундагы атаандаш чөйрө” темасы боюнча доклад окулду. Бул багыттагы иштер атаандаштыкты өнүктүрүүгө шарт түзүүгө, дары каражаттарын керектөөчүлөрдүн кеңири катмарына жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берет. Дары каражаттарынын жалпы рыногунун алкагында биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.

  •  үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында ЕАЭКке мүчө-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маселелери боюнча консультативдик комитеттин жана КМШга катышуучу-мамлекеттердин керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча консультативдик кеңештин биргелешкен отуруму болуп өттү.

Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелер талкууланды.  Мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы “Кыргыз Республикасындагы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы иштердин абалы тууралуу” доклады менен чыгып сүйлөдү.

      

Эл аралык кызматташтык

Мамлекеттик агенттик чет элдик атаандаштык ведомстволор жана эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташкан.

Евразия өлкөлөрүнүн монополияга каршы органдарынын жетекчилеринин жолугушуусуна катышкан (2019-жылдын 12-14-февраль, Будапешт ш., Венгрия).

БРИКСтин эгидасы менен атаандаштык боюнча 6-конференциянын алкагында болуп өткөн картелдер боюнча II Евразиялык форумга (мындан ары-Форум) катышылды (16-19-сентябрь 2019-жыл Москва ш.). ЕАЭКке мүчө-мамлекеттердеги, КМШга жана БРИКСке катышуучу-мамлекеттердеги санариптик картелдерди териштирүүгө көңүл бурулду.

Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин юбилейлик 50-отурумуна жана КМШга катышуучу-мамлекеттердин монополияга каршы мыйзамдарын бузууларды биргелешип териштирүү боюнча штабынын 36-отурумуна катышышты (Москва ш.) Мамлекеттик агенттик тарабынан “Кыргыз Республикасында монополияга каршы саясат жаатында болуп өткөн көрүнүктүү окуялар тууралуу” доклад окулду.

Белорус Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министринин орун басары менен эки өлкөнүн монополияга каршы органдарынын ортосундагы кызматташтык меморандумун ишке ашыруу маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү (7-август 2019-жыл, Чолпон-Ата ш.).

Белорус Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигине “КМШга мүчө-мамлекеттердин медициналык каражаттар товар рыногундагы атаандаштыктын абалы тууралуу” докладына киргизүү үчүн Кыргызстан боюнча маалымат жөнөтүлдү.

Телекоммуникациялар рынокторунда, чекене соода тармактарында азык-түлүк товарларын сатуу кызматтары, аэронавигациялык кызматтар ж.б. атаандаштыкты өнүктүрүү маселелер боюнча “КМШ жана МСАП мамлекет-катышуучуларынын монополияга каршы органдарынын ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө” докладдын долбооруна сунуштар киргизилген.

 

 

Атаандаштыкты адвокатташтыруу жана ишмердиктин ачыктыгын камсыздоо боюнча иш-чаралар

 Атаандаштыкты адвокатташтыруу жана ишмердиктин ачыктыгын камсыздоо максатында расмий сайтта www.antimonopolia.gov.kg  317 материал, башка маалымат ресурстарында – 40 материал жарыяланган.

            Мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жана кызматкерлери радио жана телеканалдарда 76 комментарий (интервью) берген.

            260 жаранга жеке кабыл алуу жургузулгон.

            “Коомдук кабылдама” жана “Ишеним телефону” иштейт. Ишеним телефону боюнча кайрылуулардын саны – 87.

            Расмий сайтта “Электрондук кайрылуу” иштейт, сайтка киргендерге сурамжылоо жайгаштырылган.

            Мамлекеттик органдарга Kattar.kg. жарандардын электрондук кайрылуулары порталы аркылуу түшкөн 4 электрондук кайрылуу каралган.

115 семинар, тренинг, тегерек стол, конференция жана башка иш-чаралар өткөрүлгөн. Бардык өткөрүлгөн иш-чаралар ЖМКнын катышуусунда өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри А.С.Омурбекова тарабынан бекитилген медиа-пландын алкагында, квартал сайын ТВда жана радиодо отчеттук мезгилдин жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик агенттиктин ишмердиги чагылдырылат.

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Ж.П.Разаковдун тапшырмасы боюнча бекитилген медиа-пландын алкагында табигый монополия субьектилери, доминант субьектилери жана ЖОЖдордун студенттери учун бузуулар жонундогу Кодексинин жана кылмыш Кодексинин ченемдерин жана аларды колдонууну түшүндүрүү боюнча бир нече тегерек столдор өткөрүлгөн. ЭлТР телеканалында сүйлөнгөн («Учур маселеси» берүүсү).      

Ишмердиктин ачыктыгын камсыздоо максатында ишкердик субьекттерин жана аткаруу бийлиги органдарын жана акы төлөмө кызмат көрсөткөн аларга караштуу мекемелерди 2019-жылдын 4-кварталындагы текшерүүнүн планы proverka.kg. порталына жайгаштырылган.

Бузуулар жөнүндөгү иштерди обьективдүү кароону камсыз кылуу максатында бузуулар жөнүндөгү иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы жана Комиссия жөнүндөгү жобо бекитилген.

 

 “Түндүк” системасынын алкагында санариптештирүү боюнча иштер

“2019-2023-жж. Санарип Кыргызстан” санарип трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын ишке ашыруунун алкагында:

  • Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен макулдашуу боюнча (мындан ары – МТжБМК) 2019-2020-жылдарга Мамлекеттик агенттикти санариптештирүү боюнча Иш-чаралар планы бекитилген.
  •  “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара кызматташуу системасынын алкагында 7 мамлекеттик орган менен (Улуттук статистикалык комитет, Юстиция министрлиги, Байланыш агенттиги, Кыргызпатент, Бажы кызматы, Салык кызматы жана ИИМ)  мекемелер аралык маалымат алмашуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.

“Жол картасынын” алкагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн каржылоо маселеси иштелип чыкты (Мамлекеттик агенттикте Автоматташтырылган маалыматтык тутумду иштеп чыгуу жана ишке киргизүү). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен алуучу болуп Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитети эсептелет, финансылык каражаттар Мамлекеттик агенттикке бекитилген.

Кол коюлган макулдашуулардын кочурмолору адаптерлерди иштеп чыгуу, маалыматтарды санариптештируу, “Түндүк” МТжБМКнын ишин жайылтуу жана алардын иштоосун камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу учун ГКИТСке жана “Инфосистема” МИсине макулдашуулар жонотулду.

Техникалык шарттар даярдалып, Мамлекеттик маалыматтык технологиялар комитетине жөнөтүлгөн. 

 

Кадр саясаты жана аткаруучулук тартип

Мамлекеттик агенттикте документтерди аткарууну контролдоочу автоматташтырылган тутуму – АСКИД иштейт.

2019-жылдын 9 айында Мамлекеттик агенттиктин Борбордук аппаратына баардыгы болуп 2384 каттар/документ келип түштү (жарандардын кайрылууларын эске алуусуз), 2491 каттар/документтер  даярдалган жана жиберилген (буйруктарды, токтомдорду, жазма эскертмелерди, жарандардын кайрылууларына жоопторду эске алуусуз).

Жеке курам боюнча 72 буйрук, административдик-чарба ишмердиги боюнча 169 буйрук жана негизги ишмердуулук боюнча 23 буйрук даярдалган.

Мамлекеттик агенттиктин мамлекеттик кызматкерлеринин ишмердигине жылдык баалоо өткөрүлгөн.

2019-жылга кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу планы бекитилген.

2019-2020-жылдарга Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлерин ротациялоо планынын долбоору даярдалган.

 

 

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov