Нарын облусунун аймагында орун алган көрнөк-жарнактардын, соода түйүндөрүндөгү ар кандай товарлардын аталыштарынын мыйзамга ылайык, туура жазылышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын 2019-жылдын 9-декабрындагы №286-б буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, Нарын облусунун аймагында орун алган көрнөк-жарнактардын, соода түйүндөрүндөгү ар кандай товарлардын аталыштарынын мыйзамга ылайык, туура жазылышы боюнча мониторинг жүргүзүлдү.

Түзүлгөн комиссияга ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси, Нарын шаардык мэриясынын башкы адиси, Нарын облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кызматкерлери жана биздин бөлүмдүн адиси киргизилген.

Мониторингтин жүрүшүндө, “Food box” лагманный центр, “Sovenir Shop” магазин, “Second hend” магазин, “Малыш” детский мир, “Молочные продукты” магазин, жана “Мужские одежды” бутигине жарнамаларын мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп көрсөтмөлөр берилди.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00