Нарын облустук бөлүм тарабынан Нарын облусунда 2017-2018-жылдарда эт өндүрүү жана сатуу боюнча анализ жүргүзүлдү.

  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмү тарабынан, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин 27-декабрь 2018-жылдагы №231 буйругу менен бекитилген иш чарага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүм тарабынан Нарын облусунда 2017-2018-жылдарда эт өндүрүү жана сатуу боюнча анализ жүргүзүлдү.

 Эт сатууда ички рынок болуп негизинен Нарын шаары, кээ бир райондук борборлор саналса, сырткы рынок болуп, Бишкек, Токмок шаарлары эсептелинет.

Мал сатуу негизинен Ат-Башы, Кочкор, Баетов, Чаек айылдарынын, Нарын районунун Орнок айылынын жана Нарын шаарынын мал базарларында жүргүзүлөт. Кочкор айылында, Ат-Башы, Чаек, Баетов жана Орнок айылдарында жумасына бир жолу иштесе, ал эми Нарын шаарында мал базар күнүгө иштейт.

Нарын шаарынын мал базарында негизинен майда жандык (кой эчки) сатылса, райондогу мал базарларда малдын баарлык түрлөрү сатылат. Мал базарларга айылдык дыйкандардан сырткары ортомчулар сатышат. Алар көпчүлүк учурда айылдарды кыдырып же базарларга чейинки жолду тосуп, дыйкандардан арзан баада алып, базардын ичине алып кирип үcтөк кошуу менен кымбат баада сатышат. Жүргүзгөн иликтөөлөргө караганда бир жылкыга 1000-5000 сомго чейин, уйга 1000-3000 сомго чейин, койго 1000 сомго чейин, козуларга 500-600 сомго чейин жана эчкилерге 200-400-coмгo чейин үcтөк кошулаары аныкталды.

 

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00