Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору Ш.М. Сабиров ушул жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Тышкы соккулардан кесепеттерди минималдаштыруу боюнча биринчи кезектеги ишчаралар боюнча Планын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргеликте Бишкек шаарынын ири соода тармактарынын ээлерине жана өкүлдөрүнө жумушчу жолугушууну өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору Ш.М. Сабиров ушул жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Тышкы соккулардан кесепеттерди минималдаштыруу боюнча биринчи кезектеги ишчаралар боюнча Планын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен биргеликте Бишкек шаарынын ири соода тармактарынын ээлерине жана өкүлдөрүнө жумушчу жолугушууну өткөрдү. Бул иш - чарада «ФРУНЗЕ», «Глобус», «Народный», «АЛМА», «ЯрМарка», «Городской базар» соода тармактарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышышты. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө төмөндөгү маселелер талкууланды: 1. Соода түйүндөрү тарабынан товарларга жана тамак-аш азыктарына баалардын өсүшүнө жол бербөө; 2. Соода тармактары тарабынан азык-түлүк товарларын соодада чектөөгө жол бербөө. Кампа жайларында азык-түлүк товарларынын запасынын болушу; 3. Соода тармактары тарабынан товарларга жана тамак-аш азыктарына баалардын туруктуулугун камсыздоо; 4. Соода тармактарынын өкүлдөрүнө "Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 24-январындагы токтомунун жоболорун түшүндүрүү. Бул өзгөртүүлөр атамекендик продукцияны сатууга шарт түзүүгө багытталган. Ошого байланыштуу соода түйүндөр кыргыз өндүрүшүндөгү товарлар үчүн дүкөндөргө «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) деген аталыштагы өзүнчө текчелерди бөлүп берүүсү шарт.

Жайгашуу картасы

Байланыш

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00