Монополияга каршы агенттиктин директору Кенешбай Тайлаковдун мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди  Мамлекеттик тил күнү менен куттуктаймын.

Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз. 

Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүүбүз зарыл. Ал үчүн баардыгыбыз биригип, кыргыз тилинин тагдырына кайдыгер карабай, аракеттенүүбүз мезгилдин талабы.

Дүйнөдө теӊдеши жок “Манас” эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!

Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү бололу!

 

 

 

 

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00