18 –февралда монополияга каршы агенттигинин Ош ш.бөлүмү, Ош ш. мэриясы менен биргеликте,малдын этинин чекене баасын тактоо үчүн жүргүзүлгөн мониторингтин жыйынтыгын талдоо үчүн жыйын өткөрүлдү.

2015-жылдын 18 –февралында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмү, Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен биргеликте, Ош шаарынын аймагындагы эт сатылуучу соода түйүндөрдө, малды союп даярдап берүүчү атайын цехтерде жана шаардык мал базарларда малдын этинин чекене баасын тактоо үчүн жүргүзүлгөн мониторингтин жыйынтыгын талдоо үчүн жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.М.Аскаров, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмдүн башчысы Айбашов Ж.А., жана Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын өкүлдөрү, Ош шаардык аймактык Кеңештин өкүлдөрү жана Ош шаарында эт сатуучулар катышты. Жыйында негизинен Ош шаарындагы касаптардын керектөөчүлөрдүн укугун бузуу фактылары же болбосо сатуучулардын медициналык көзөмөлдөн өтпөгөндүгү жана эт сатуучу дүкөндөрдүн санитардык абалы сакталбандыгы жана башка көптөгөн кайгылуу маселелер каралды. Айтылган кемчилдиктерди оңдоого тийиштүү органдарга бир жумалык убакыт берилди, талкуулардан кийин жана касапчылардын сунуштарын эске алып Ош шаарынын биринчи вице-мэри З.М. Аскаров, малдын этинин чекене баасынын 1 кг 355 сомдон жана койдун этинин чекене баасы 345 сомдон сатуу боюнча колго салды. Катышуучулар тарабынан аталган сунуш бир добуштан колдоого алынды.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00