Талас обл.бөлүмү тарабынан “Газпром-нефть-Азия” ЖЧК сынын май куюучу станциялардын майларды куюуда ченемди толук аткарылышын көзөмөлдөө максатында мониторинг уюштурулду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамалекеттик агенттигинин Талас областык бөлүмү,  Мамагенттиктин 2015-жылдын 2-февралындагы № 4 протоколундагы тапшырманы аткаруу максатында, 2015-жылдын  18-февралында Талас аймактык сыноо, стандартташтыруу жана метрология борборунун башкы метрологу Сыйдалиев Жамалбек менен биргеликте  Талас шаарындагы жайгашкан  “Газпром-нефть-Азия” ЖЧК сынын №77 жана №112 май куюучу станцияларын, алардын башкаруучулары Нуржанов Чынгыз Эркинбаевич (№77) жана Ашыралиев Эрлан Бакировичтердин катышуусунда  (№112) аталган май куюучу станциялардын майларды куюуда ченемди толук  аткарылышын  көзөмөлдөө максатында мониторинг уюштурулду.  Майлардын толук куюлушунда ченемдеринин тууралыгын өлчөөчү ченем идиштер аркылуу текшерилди. Майлардын ар бир маркалары өлчөнүп жыйынтыгында  баардыгы талаптарга жооп бергендиги такталды. Ченем идиштери пломбаланган жана талапка жооп берерин метрология кызматкери тастыктады.

 

 

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00