Нарын шаарынын кушканаларына, эт сатуучу жайларга жана жалпы тамактануучу жайларга мониторинг жүргүзүү

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө  караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмү тарабынан, Нарын  шаарынын  кушканаларына, эт  сатуучу  жайларга  жана  жалпы тамактануучу  жайларга  мониторинг  жүргүзүү  уюштурулуп,  жүргүзүлгөн мониторингке  Ветеринардык  жана  фитосанитардык  коопсуздук  боюнча мамлекеттик  инспекциясынын  Нарын  облустук  бөлүмүнүн  жана  Нарын райондук  ооруларды  алдын  алуу  жана  мамлекеттик  санитардык – эпидемиологиялик  көзөмөлдөө  борборун  адистери  менен  биргеликте өткөрүлдү.

Мониторингтин  жүрүшүндө  Нарын   шаарынын  кушканаларына, эт сатуучу  жайларга  жана  жалпы  тамактануучу  жайларда  көбүнчө уй, жылкы, жана  койлорду  союп,  аларды  сатып  жана   колдонуп  жаткандыгы аныкталды.

Мындан  башка  эттер (же эшек) эттин сатуу жана пайдалануусу аныкталган жок.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00