Баткен облустук бөлүмү 15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 2015-жылдын 12-март куну Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын тегерек стол өткөрдү

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Баткен облустук бөлүмү 15-март Бүткүл  дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 2015-жылдын 12-март куну Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын кичи залында тегерек стол өткөрүлду. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнун аппарат башчысы, Баткен облустук жана Баткен райондук санэпид көзөмөлдөө кызматынын жетекчилери, ветеринардык жана миграция кызматынын өкүлдөрү, өкмөттүк эмес уюмдар, жергиликтуу кенештин депутаттары, жергиликтуу бизнес өкүлдору жана массалык маалымат каражаттарынын («Баткен ТВ», «Баткен таны») катышуусунда болуп отту. Тегерек столдун темасы «Жаш балдардын коопсуздугу» (кытай олкосунон алынып келинген зыяндуу оюнчуктар) жана «Товарлардын сапаты» (сакталуу мооноту, маркировка ж.б.) туурасында журду.

    Алгач жыйынды бөлүмдүн башчысы Э.Мажитов ачып берип, монополияга каршы органдын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо тармагында ыйгарым укуктарын, жасалып жаткан иштери жана Баткен облусундагы керектоочулордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жөнүндөгү темаларга токтолду. Жыйын эркин талкуу, суроо жооп, сунуш беруу тартибинде жургузулду. Тегерек столго катышкан катышуучулар активдуулугун көрсөтүп бир топ суроолорду берип, бир топ сунуштарды айтышты. Ар бир катышуучуга «Керектөөчүлөрдүн кызмат көрөсөтүү жана сатып алуулар тармагындагы негизги укуктары» жазылган бюро шуралар таркатылып берилди. Ушул бюрошуралар бөлүмдүн адистери тарабынан 2015-жылдын 15-мартына чейин Баткен облусунун аймагындагы калк жыш жайгашкан жерлерде (базар, авто бекеттер, окуу жайлар, медициналык мекемелер, мамлекеттик иш каналар ж.б.) таркатууну пландаштырып, бүгүндөн иш чара башталды.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00