Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин Нарын облустук бөлүмү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин Нарын облустук бөлүмүнө, Нарын шаары, С.Орозбаков көчөсү№ 34-21 үйдүн тургуну Чолпон Төрөбаева арыз менен кайрылган.Арызда, Нарын шаарынын «Дордой Плаза» соода борборунда соода кылуучу жеке ишкерден 2014-жылдын 20-ноябрь айында турциядан өндүрүлгөн сапаты жакшы деп 4750 сомго эркек баланын ботинкасын сатып алган, ал ботинка эки айдан кийин тытылып калган жана алмаштырып же акчасын бергиле деп кайтарып барса, сатуучу Төрөбаевага акчасын кайтарып бербей койгондуктан, Ч.Төрөбаева өзүөтукчүгөбарып оңдотуп баласына кийгизүүгө  мажбур болгон жана ушул боюнча мыйзам чегинде карап, укугун коргоп берүүбоюнча жазган.     Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин Нарын облустук бөлүмү, Нарын шаарынын «Дордой Плаза» соода борборунда соода кылуучу жеке ишкерге Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндөгү» мыйзамынын 21-беренесинин негизинде он күндүкмөөнөттө, арыз ээси Ч.Төрөбаеванын сатып алган ботинкасын алмаштырып же сатып алган сумманы 4750 сом чыгымын төлөп берүүсүбоюнча 2015-жылдын 23-март 01-24/1 көрсөтмөсүменен милдеттендирилип арыз ээси Ч.Төрөбаеванын талаптары канааттандырылды.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00