Антимонополия органынын кийлигишүүсү менен керектөөчү З.Зубанованын 16000 сом акчасы кайтарылып берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну З.И.Зубанова  керектөөчү катары укугун коргоп берүү арызы менен кайрылган.

Кайрылууга “Селдер” фирмасына буйрутманы кылган пластикалык терезелер коюлгандан кийин көптөгөн кемчилдиктер байкалгандыгы жана торчосу болбогондугу себеп болгон.

Буйрутманы аткаруучуларга кайрылганда, аткаруучулар буйрутма аткарылып жаткан убакта белгиленген кемчиликтер коюлбагандыгын айтып, акчасын кайтарып берүүдөн баш тартышкан.

Бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” Мыйзамынын чегинде башкармалыктын кызматкерлери тарабынан  тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында буйрутманы аткарган фирма З.Зубановага 16000 сом акчасын толугу менен кайтарып берди.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov