Антимонополия органынын кийлигишүүсү менен кардардын акчасы кайтарылып берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну Д.Д.Таджиевден “ЦУМ” соода борборунан сатып алынган телефон үчүн төлөнгөн акчасын кайтарып  алууга көмөктөшүү өтүнүчү менен арыз келип түшкөн.

Жазган арызында сатылып алынган телефон 3 күндөн кийин иштебей калгандыгы жөнүндө жана  керектөөчүнун кайрылганына карабай сатуучулар тарабынан иштебеген телефонго төлөнгөн акчасын кайра берүүдөн баш тартылганы айтылган.

Бишкек шаардык башкармалыгынын адистеринин оозэки сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында сатуучу күнөөсүн моюнга  алып, Д.Таджиевага 1450 сом акчасын толугу менен кайтарып берди.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov