Антимонополдук органдын кийлигишүүсү менен керектөөчүнүн талабы аткарылды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөкараштуу монополияга каршы жөнгөсалуу Мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнүн дарегине 2013-жылдын 13-январь күнүОш шаарынын Исанов көчөсүнүн №55-үйүнүн жашоочусу Э.Ганыбаев тарабынан арыз келип түшкөн. Э.Ганыбаев 2014-жылдын 5-январь күнүОш шаарындагы “Ареопаг”дүкөнүнөн (ЧП «Турдубаев») Nokia Lumia үлгүсүндөгүуюлдуктелефонун сатып алган. Бирок арадан 8 күн өткөндөн кийин, башкача айтканда 13-январь күнүтелефондун микрофону бузулуп калган. Сатуучуга кайрылган учурда орой мамиле жасап, “алмаштырбайбыз, акчасын бербейбиз”деп жооп берген.

Бөлүмдүн кызматкерлеринин кийлигишүүсүнүн натыйжасында телефондун ордуна ошол эле үлгүдөгү башка телефону алмаштырылып берилди. Жыйынтыгында, керектөөчү Э.Ганыбаев Ош шаардык бөлүмгө ыраазычылык катын берди.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov