Ош шаарындагы «Карамель» дүкөнүнөн сакталуу мөөнөтү өтүп кеткен продуктылар сатылып жаткандыгы аныкталды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмү тарабынан 2014-жылдын 20-январында Ош шаарындагы соода-сатык жүргүзгөн дүкөндөргө Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө» Мыйзамынын талаптарынын аткарылып жаткандыгына мониторинг жүргүздү.

Мониториндин жүрүшүндө Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан «Карамель» дүкөнүнөн төмөндөгү продуктуларынын сакталуу мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды:        

- шоколад «Суфле рашен» – 5 даана;

- шоколад «Коркунов» – 1 даана;

- Nestle «Хрутка» – 2 даана»;

- Nestle «Goldа» – 1 даана;

- шоколад «Подмосковные вечера» – 10 даана;

- шоколад «Коркунов лучшее А.Коркунов» 2 даана.

Жыйынтыгында жогорудагы товарлар сатыктан алынып, дүкөндүн жетекчисине эскертүү кагазы (предписание) берилди.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00