Талас шаарында бир катар соода түйүндөрүнө эскертүүлөр берилип, керектөөчү менен сатуучунун талашы жеринде чечилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Талас облустук бөлүмү тарабынан Талас шаарындагы ири дүкөндөргө мониторинг жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын административдик кодексинин 294-1 беренесинин талаптарына ылайык алкоголдук ичимдиктер, пиво жана тамеки заттары сатылуучу жерлерге сатууга тыюу салуу жөнүндө эскертүүлөрдүн илинбегендиги тастыкталды.

Ошондой эле, Мамагенттиктин Талас облустук бөлүмү Талас шаардык прокуратурасынын сунуш катынын негизинде Талас шаарында жайгашкан «Алтын Казык», «Сатыкей», «Пятерочка», «Беш-Булак», «Ысык нан», «Көктөм», «Чеч-Дөбө» ж.б. жалпысынан 13 соода түйүнүнө 10 күндүк мөөнөттүн ичинде эскертүүлөрдү илүүгө Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде эскертүүлөр берилди.

Мониторинг учурунда бөлүмдүн адистери  «Пятерочка» соода түйүнүндө Т.И.Ашымкулов аттуу кардар менен сатуучунун ортосунда талашып-тартышуунун үстүнөн чыгышкан. Аталган дүкөндөн керектөөчү Т.И.Ашымкулов 1 күн мурда «Веселый молочник» сүт продукциясын алып үйүнөн ачканда ирип кеткенин жана сатуучуга алып келген убакта ордуна алмаштырып же акчасын артка кайрып берүүдөн баш тартып жаткандыгын бөлүмдүн адистерине оозеки арызданган.

Бөлүмдүн адистери тарабынан сатуучуга Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин 1-пунктуна ылайык сатуучуга түшүндүрүү менен кардардын акчасын артка кайрып, пикир келишпестик өз ордунда чечилген.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00