Мамагенттик банктардын керектөөчүлөр менен түзүлө турган типтүү келишимдерин изилдөөдө

Акыркы 10 жылдыкта Кыргыз Республикасынын аймагында ачылып жаткан банктардын жана насыя алган керектөөчүлөрдүн саны кескин көбөйүүдө. Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык “Керектөөчүнүн укуктарын кыскан жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келген келишимдин шарттары жараксыз деп табылат”.

Ошонун негизинде, банк менен керектөөчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимдер канчалык деңгээлде мыйзам талаптарына жооп бере тургандыгын иликтөө максатында, Мамагенттик Кыргыз Республикасынын аймагындагы бардык банктардан керектөөчүлөр менен түзүлө турган типтүү келишимдерге суроо-талап жөнөткөн. Бул иш чара Мамагенттиктин 2014-жылдын январь-февраль айларында аткарыла турган иш планына киргендиктен, азыркы убакта Мамагенттик типтүү келишимдерди талдап, иш жүргүзүүдө.

Насыя алуу үчүн финансылык мекемени кантип тандоо керек? Насыя алуу учурда керектөөчү эмнеге көңүл бурушу тийиш? ж.б.у.с. суроолорго Мамагенттик кийинчирээк айтылган иш чаралардын соңунда толук кеңешин берет.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-33-03
0(312) 56-31-97 | Телефон доверия
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00