Мамагенттиктин кийлигишүүсү менен керектөөчүнүн акчасы кайтарып берилди

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине Нишарапов А.Т. Кыргыз Республикасынын жараны “ЦУМ” соода борборунун 11 «б» бутигинен сатып алган сапаты начар кол сааттын акчасын кайрып берүүгө жардам сурап, арыз менен кайрылган.

Арыздануучунун айтканына таянсак, 2013-жылдын 6-декабрда айтылган соода борборунан керектөөчү «Casio BEM 119 L» маркасындагы кол саатты 5300 сомго сатып алган. Көп убакыт өтпөй, кол сааттын циферблаты кармабай сынып калгандыктан, керектөөчү сапаты начар товардын акчасын кайрып берүү үчүн сатуучуга кайрылган учурда, сатуучу талаптарын аткарып берүүдөн баш тарткан.

Ошондо керектөөчү өзүнүн укуктарын коргоо үчүн Мамагенттикке кайрылган. Арыздын негизинде Мамагенттиктин кызматкерлери териштирүү өткөрүп, сатуучуга Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” мыйзамынын ченемдерин түшүндүргөн соң, сатуучу өз күнөөсүн түшүнүп, керектөөчүгө акчасын кайрып берди.

/o:p)� >/�" 0

Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” Мыйзамынын 31- беренесинин 1- пунктуна ылайык, жеке жана юридикалык жактар (жарнак берүүчүлөр, жарнак чыгаруучулар жана жарнак таратуучулар) жарнак жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик  жоопкерчиликке тартылышат.

Ушул себепке байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилиги жөнүндө” Кодексинин ченемдерин жетекчиликке алып, “Koton” дүкөнүнүн жетекчисине Мамагенттик тарабынан административдик айып салынды.

Карта проезда

Контакты

г. Бишкек ул. Б.Баатыра 7Б/1
0(312) 56-31-97
priemnaya@antimonopolia.kg
Пон-Пят 09:00 - 18:00
0(701) 56-33-05
amantur.omyrbekov