Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич
Бишкек шаарынын бөлүмүнүн башчысы

Бишкек шаары Чүй пр. 114 4-кабат 423 каб. тел:0312 66 49 44

18.04.2024
Сапатсыз кызмат көрсөтүүнүн алкагында, керектөөчүгө акча каражаты кайтарылды
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования Бишкек шаары боюнча бөлүмү тарабынан Р.М. аттуу жарандын туристтик агенттикке карата арызы каралган. Арызда көрсөтүлгөндөй, керектөөчү Бишкек шаарындагы ОсОО “С” туристтик агенттигинен, чет өлкөлөрдүн бирине саякаттоо үчүн Саякат пакетин (тур пакет) сатып алган.   Бирок керектөөчү саякатка барган учурда, туристтик агенттик сунуштаган кызматтардан бир топ кемчиликтер аныкталган.   Тагыраагы, туристтер жашай турган мейманкананын […]
12.04.2024
Бишкек шаарында POS- терминалдар боюнча мониторинг жүргүзүлдү
2024-жылдын 11-апрель күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери бир катар мамлекеттик мекемелерге POS- терминалдар боюнча мониторинг жүргүзүштү.Мониторингде белгилүү болгондой, аталган мекемелерде POS- терминалдар орнотулган жана мыйзам бузуулар аныкталган жок.Кызматтын адистери мекемелердин жетекчилигине, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча түшүндүрүү иштерин да жүргүзүштү.
28.03.2024
Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Октябрь району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү
15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования жөнгө салуу кызматынын жарыялаган бир айлык планынын алкагында, Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери 2024-жылдын 28-март күнү Октябрь району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушунун жүрүшүндө муниципалдык кызматтарды сапаттуу көрсөтүү боюнча жана Кыргыз Республикасынын […]
27.03.2024
Ош базарында мониторинг жүргүзүлдү
Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери социалдык маанидеги товарлардын кымбатташына жол бербөө максатында, 2024-жылдын 27-март күнү Ош базарында социалдык маанилүү товарлардын баасына мониторинг жүргүзүштү.Мониторингдин жүрүшүндө бөлүмдүн кызматкерлери сатуучуларга азык-түлүктөрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.Белгилей кетсек, базарларда баалар туруктуу жана таңкыстык жок.
20.03.2024
2024-жылдын 19-март күнү Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри М.К.Байгончоков Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы К.А. Султангазиев менен жолугушуп, 2024-жылга карата иш планын талкуулашты
Биринчи вице-мэрге Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыкты өткөрүү боюнча Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн иши тууралуу маалымат берилди. Андан сырткары Монополияга каршы жөнгө салуу кызматыны тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 «Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун аткарылышы жана Бишкек шаарынын муниципалдык администрацияларынын биргеликте иш алып барууга байланыштуу маселелер каралды. М.К.Байгончоков өз […]