Султангазиев Кумарбек Абдыкалыевич
Бишкек шаарынын бөлүмүнүн башчысы
Бишкек шаары Чүй пр. 114 4-кабат 423 каб. тел:0312 66 49 44
20.03.2024
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Бишкек шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борборунда (УНАА мамлекеттик мекемеси) 2024-жылдын 20-март күнү мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда байкалгандай, Бишкек шаардык транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо борбору тарабынан кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен […]
18.03.2024
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен бирге 15-март Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата 1 (бир) айлык иш планынын негизинде 2024-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Биринчи май райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты […]
15.03.2024
Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек шаарындагы М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин педагогдук жамааты менен биргелешип студенттерге “Керектөөчү укугуңду бил” аттуу жолугушуу семинарын өткөрдү. Студенттерге керектөөчүнүн укуктары тууралуү кенен маалыматтар берилди. Атайын маалыматтык роликтер көрсөтүлүп, суроо-жоопторго да орун берилди.
11.03.2024
Бүгүн, 11-март күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, «Азия Моторс» ЖЧКда эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги менен милдеттери боюнча кенен маалымат берилди.Кызматкерлер менен суроо-жооптор орун алып, атайын даярдалган буклеттер таратылды.Иш- чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасынын 2024-жылдын 19-февралындагы “Бүткүл дүйнөлүк […]
07.03.2024
Бүгүн, 7-март күнү Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата пландалган иш-чарага ылайык, “Тойота борборунда” эмгек жамаат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда унаа борборунун кызматкерлерине, керектөөчүлөрдүн укуктары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жоопкерчилиги менен милдеттери боюнча кенен маалымат берилди. Кызматкерлер менен суроо-жооптор орун алып, атайын даярдалган буклеттер таратылды. Иш- чара Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба […]