Сатыгулов Бейше Турдуевич
Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы

Жалал-Абад шаары Шопоков көч. 4 тел:0 3722 7 00 25

Сатыгулов Бейше Турдуевич

12.04.2024
Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда POS-терминалдар жана QR-коддор боюнча мониторинг жүргүзүлүп жатат
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, 2024-жылдын 12-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөткөн мекеме-ишканаларга накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн атайын техникалык жабдуулардын орнотулушу боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгы менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Сузак филиалына Кыргыз […]
27.03.2024
“Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө мониторинг жүргүзүлдү
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүндө 2024-жылдын 27-мартында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда “Унаа” мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмү  тарабынан кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен камсыздалбаган жана кыска мөөнөттө жабдууларды орнотуу боюнча эскертүү берилди. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары […]
19.03.2024
Жалал-Абад шаарындагы Калкты Тейлөө Борборунда мониторинг жүргүзүлдү
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борборунда (ЦОН) 2024-жылдын 19-мартында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Калкты тейлөө борбору тарабынан кызмат көрсөтүүдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен камсыздалган. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары жана керектөөчүлөр үчүн маалыматтар илинген. Электрондук кезек менен иш алып […]
18.03.2024
Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында мониторинг жүргүзүлдү
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө арналган бир айлыктын алкагында, Жалал-Абад облустук бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында 2024-жылдын 18-мартында мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг учурунда Сузак районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан керектөөчүлөр үчүн акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн баасы (тариф) жөнүндө […]
18.03.2024
Жалал-Абад шаарында жалпы ишембилик башталды
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн иш-планынын жана Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган ишембилике Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн кызматкерлери катышышты. Ишембиликте шаардык мэрия тарабынан бөлүнгөн тилке тазалап, иретке келтирилди. Иш-пландын негизинде ишембиликтер мындан ары да уланмакчы.