28.03.2024
“Керектөөчү – балдардын көзү менен” аталышындагы балдардын сүрөт сынагы уланууда
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жыл сайын 15-март күнү белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата, 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин «Керектөөчү жана ишкер өнүгүү үчүн ишеними» деп аталган бир айлык жарыялаган.Сынакка жаш балдардын сүрөт эмгектери кабыл алынып, жыйынтыгында жеңүүчүлөр баалуу белектерге ээ болушат. Сынактын максаты – жеткинчектерге керектөөчүлөрдүн укуктары тууралуу түшүнүк берүү жана аң-сезимин өстүрүү.
14.03.2024
Бензин иштери…
Калк үчүн мунайзаттарды сатуу рыногунда кызматташуу жөнүндө кол коюлган макулдашуунун алкагында Кызмат тарабынан КММ рыногундагы баа маселеси боюнча Кыргызстандын нефтетрейдерлери менен жумушчу жолугушуу өткөрүлгөн. Баалардын динамикасы көрсөткөндөй, 2024-жылдын башынан бери АИ-92 бензининин баасынын төмөндөшү байкалган, дизелдик отундун баасы туруктуу бойдон калган. Үстүбүздөгү жылдын март айынын башынан тартып АИ-92 бензинине жана дизелдик отунга 0,7 сом/литрге анча-мынча өсүш байкалган, бул Кыргызстандагы баалардын […]
13.03.2024
Ош шаарында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата чоң масштабдагы жолугушуу өткөрүлдү
15-март “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо” күнүнө карата жарыяланган 1 айлыктын алкагында, 2024-жылдын 12-март күнү Ош шаарындагы Бабур драма театрында кеңири масштабдагы жолугушуу семинары өткөрүлдү. Жолүгушууга Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования төрагасынын орун басары Ж.Б.Орозбаев, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары И. А. Ташбаев, Кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жетекчилери, мамлекеттик органдардын […]
07.03.2024
Учактар менен учкула
Республика ичиндеги авиаташууларга билеттердин баасы боюнча Кызматтын дарегине келип түшкөн кайрылууларга байланыштуу, жүргүнчүлөрдү ташуучу ички каттамдарды ишке ашыруучу авиакомпаниялардын өкүлдөрү менен Кызматтын аянтчасында жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча авиакомпаниялар тарабынан алардын ишмердүүлүгү жана авиабилеттердин баасы жогорулабагандыгы тууралуу маалымат берилди. Сатуу үчүн авиабилеттердин баалары алардын расмий сайттарында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат жана 4 миң сомдон ашпайт.Бирок, бир катар өзгөчө учурларда, биринчи орундуктарга […]
07.03.2024
Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы/Служба антимонопольного регулирования 2024-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейин жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата бир айлык жарыялады.Бир айлыктын алкагында Кызмат тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык видео роликтер даярдалып, интернет баракчаларыбызга жайгаштырылды.