Мажитов Эмил Каныбекович
Ош шаары боюнча бөлүмүнүн башчысы

Ош шаары Ленин көч.221 тел:0 3222 5 63 42

Мажитов Эмил Каныбекович

28.03.2024
Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Улуттук банкынын Оштогу башкармалыгынын адистери менен биргеликте Ош шаарында жайгашкан ишкердик субъекттерге накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүштү
Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Улуттук банкынын Оштогу башкармалыгынын адистери менен биргеликте 2024-жылдын 26- март күнү Ош шаарында жайгашкан ишкердик субъекттерге накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштүн) камсыз кылуу боюнча мониторинг жүргүзүштү. Бул иш-чара 20дан ашуун ишкердик субъекттерди камтыды. Мониторингдин жүрүшүндө кээ бир соода жана кызмат көрсөтүүчү түйүндөрдө накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн […]
26.03.2024
“Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата айлык өткөрүү жөнүндөгү” иш-чаранын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасына мониторинг жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын 2024-жылдын 19-февралындагы “Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо күнүнө карата айлык өткөрүү жөнүндөгү” №34 буйругун аткаруу максатында Кызматтын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн адистери тарабынан 2024-жылдын 26-март күнү Ош шаардык клиникалык ооруканасына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө Ош шаардык клиникалык ооруканасынын дартты аныктоо бөлүмү тарабынан керектөөчүлөр үчүн акы алып кызмат […]
19.03.2024
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүрүү уланууда
2024-жылдын 15-март күнү, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү. Мониторинг (рейд) алгач Ош шаарынын Г.Айтиева көчөсүнөн башталып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан […]
15.03.2024
Ош шаарында Кыргыз Республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын сакталышы боюнча рейд жүрдү
2024-жылдын 14-март күнү, Ош шаарынын көчөлөрүндө “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын сакталышы жана аткарылышы боюнча мониторинг (рейд) жүргүзүлдү. Мониторинг (рейд) алгач Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн башталып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери, Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөлөрү, муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан […]
11.03.2024
Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборунда Кыргыз Республикасынын “Керетөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү
“15-март бүткүл дүйнөлүк керетөөчүлөрдүн укугун коргоо” күнүнө карата иштелип чыккан бир айлык иш-чаранын алкагында Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборунда Кыргыз Республикасынын “Керетөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөө боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Мониторинг төмөндөгү багыттарды камтыды: 1. Иштөө режиминин, прейскуранттардын илиниши; 2. Накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу жана тейлөө үчүн жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүштүн) менен […]