Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министирлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарындагы “Ош” базарында социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө сатуучуларга жана керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамдарынын сакталышы боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда базардагы ишкерлердин билдирүүлөрүнө ылайык, товарларды жеткирүү үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат, товарлардын тартыштыгы жок, калк арасында ажиотаждуу ашыкча суроо-талап жок.