Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй областтык бөлүмү 2022-жылдын 26-сентябрында Сокулук айылында ири азык-түлүк дүкөндөрүндө жана ири базарларында социалдык манилүү товарларга ыкчам (экспресс) сурамжылоо (мониторинг) жүргүзүлдү.
Мониторингдин жүрүшүндө азык түлүк сатуучу жайлардын сатуучуларына суу майларынын, кум шекер, эт жана ундун чекене баасын жогорулатбоо жөнүндө түшүндүрүү иш чарасы жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, айрым социалдык эн керектелүүчү товарларынын баасы түшкөнү аныкталды.
Социалдык эн керектелүүчү товарлардын түрлөрүнүн орточо баасынын маалыматын, Монополияга каршы органдын атайын сайтынан карап турсаныздар болот.