Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнө (мындан ары – Башкармалык) жаран И.М. 14600 сомдук сапатсыз товар жөнүндө («Самсунг» маркасындагы чаң соргуч) кайрылуу келип түшкөн.
Бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык зарыл иштер аткарылыды. Бул арызды кароонун жүрүшүндө «Самсунг» үлгүсүндөгү чаң соргуч заводдон бузулган (КР Соода-өнөр жай палатасынын актысы боюнча) экендиги аныкталган.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча бөлүмдүн кызматкерлеринин кийлигишүүсүнөн кийин, жаран И.М. кайрылуусу толугу менен канааттандырылды, башкача айтканда, кайтарып берүү толугу менен ишке ашырылды.