Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнө (мындан ары – Бөлүм) жаран Р.И. Кыргыз Республикасынын. “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жөнүндө” мыйзамын негизинде “Айчурөк” соода борборунда жайгашкан № В 8 бутигине карата мурда сатып алынган 70000 сомдук товар (телефон) үчүн акча каражаттарын кайтарып берүү боюнча кайрылуу келип түшкөн.
Бөлүм тарабынан Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине ылайык тиешелүү иштер жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында Бөлүмдүн кызматкерлеринин кийлигишүүсүнүн негизинде жаран Р.И. талабы канааттандырылды, б.а. 70000 сом өлчөмүндөгү акча каражаты ээсине кайтарылып берилди.