Басма сөз кызматы билдиргендей, Мамлекеттик агенттик 2020-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын жараны С.А.Снын арызын кароонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Адвокаттар Ассоциациясына карата 2018-жылдын 24-октябрындагы №120 мыйзамдуу жазма эскертүүнү аткарбагандыгы үчүн жаза колдонуу жөнүндө токтом чыгарган. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесин бузуу жөнүндө иш каралды. Ишти кароонун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына 2-категориядагы юридикалык жактар үчүн 130 эсептик көрсөткүч же 13000 сом айып пул салынган.
2-февралда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Мамлекеттик агенттиктин 2021-жылдын 5-январындагы №1 мыйзам бузуу иши боюнча жаза-чара колдонуу жөнүндө токтомуна карата Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын даттануусун карап чыгып, Мамлекеттик агенттик тарабынан чыгарылган токтомду өзгөрүүсүз калтырды.
Эске салсак, 2018-жылы Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө болуп киргендерден 20 000 сом өлчөмүндө кирүү акысын алуу түрүндөгү адвокаттардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган тоскоолдукту жокко чыгаруу менен монополияга каршы мыйзамдардын
бузулушун четтетүү жөнүндө жазма эскертүү берген. Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы Мамлекеттик агенттиктин буйругунун мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн тааныган жок жана даттануу укугунан пайдаланып, сот органдарына кайрылган. Сот процесстеринин жүрүшүндө үч сот инстанциясы Мамлекеттик агенттик тарабынан берилген жазма эскертүүнүн мыйзамдуулугун тастыктады.