КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 1997-жылдын 10-декабры N 90
Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2003-жылдын 17-февралындагы N 37, 2008-жылдын 18-июлундагы N 158, 2009-жылдын 8-декабрындагы N 307, 2013-жылдын 13-февралындагы N 15, 2013-жылдын 30-июлундагы N 178, 2013-жылдын 3-августундагы N 185, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 31-январындагы N 29, 2015-жылдын 21-февралындагы N 38, 2015-жылдын 2-июлундагы N 142, 2015-жылдын 24-июлундагы N 188 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам товарларды сатууда (иш аткарууда, кызмат көрсөтүүдө) керектөөчүлөр менен даярдоочулардын, аткаруучулардын, сатуучулардын ортосунда пайда болуучу мамилелерди жөнгө салат, сапаты жакшы жана керектөөчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коопсуз товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууга, товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө жана аларды даярдоочулар (аткаруучулар, сатуучулар) жөнүндө маалымат алууга, агартууга алардын таламдарын мамлекет жана коомдук деңгээлде коргоого керектөөчүлөрдүн укуктарын белгилейт, ошондой эле ушул укуктарды жүзөгө ашыруу механизмин аныктайт.
Мыйзам коомду соодадагы монополиянын түзүлүшүнөн жана өнүгүшүнөн сактайт, ошондой эле кесепетинен адилет жана ак ниет атаандаштык нөлгө теңелип же тоскоолдукка учурай турган мыйзамсыз жана кемсинтүүчү практикага тыюу салган шарттарда атаандаштыкты сүрөйт жана колдойт.
(3-14-абзацтар КР 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I глава
Жалпы жоболор
(Главанын аталышы КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан мамилелерди укуктук жөнгө салуу
1. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, ушул Мыйзам жана ага ылайык кабыл алынуучу башка мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аткаруу бийлигинин органдарына керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө нормалар камтылган актыларды кабыл алууну тапшыра албайт.
1-1-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
керектөөчү – тапшырык берүүгө же сатып алууга ниеттенген же болбосо пайда көрүү менен байланышпаган, жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн гана товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) тапшырык берүүчү, сатып алуучу же пайдалануучу жаран;
даярдоочу – менчигинин түрүнө карабастан керектөөчүлөргө сатуу үчүн товар өндүрүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер;
аткаруучу – менчигинин түрүнө карабастан кайтарымдуу келишим боюнча иш аткарган же керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер;
сатуучу – менчигинин түрүнө карабастан сатып алуу-сатуу келишими боюнча керектөөчүлөргө товар сатып өткөрүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер, ошондой эле иш аткаруучу, башка жакка таандык болгон ар кандай жеке мүлктү калыбына келтирүүчү же жакшыртуучу ар кандай адам;
ылайыктуулук сертификаты – продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилге чыгаруу процесстеринин, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн техникалык регламенттердин белгиленген талаптарына, стандарттардын жоболоруна, эрежелердин жыйындысына же келишимдин шарттарына ылайык келүүсүн ырастоочу документ;
стандарт – көп жолку ыктыярдуу пайдалануу үчүн продукциянын же долбоорлоо (иликтөөнү кошкондо), өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу, ишке киргизүү, утилдештирүү процесстеринин, иштерди аткаруунун, кызмат көрсөтүүлөрдүн эрежелери, жалпы принциптери, мүнөздөмөлөрү белгиленген, консенсустун негизинде иштелип чыккан документ. Стандарт терминологияга, символикага, таңгактоого, маркировкалоого жана/же этикеткалоого карата коюлуучу талаптарды да камтышы мүмкүн;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) кемчилиги же талаптагыдай эмес сапаттагы товар – товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) стандартка, келишимдин шарттарына же товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) сапатына карата адатта коюлуучу талаптарга ылайык келбегендиги;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) олуттуу кемчилиги – товарлардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) максаттуу багытына ылайык пайдаланылышына мүмкүндүк бербеген же жол бербеген же болбосо четтетүү мүмкүн болбогон, же болбосо четтеткенден кийин деле кайрадан пайда боло берген, же болбосо аны четтетүү үчүн чоң чыгымдар талап кылынган, же болбосо келишим түзүүдө анын кесепетинен керектөөчү эсептөөгө укуктуу болгондордун кыйласынан ажырап калган кемчилик;
товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугу – кадимки шартта пайдаланууда, сактоодо, ташууда жана утилдештирүүдө керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу, мүлкү жана айлана-чөйрө үчүн товардын (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) коопсуздугу, ошондой эле ишти (кызмат көрсөтүүнү) аткаруу процессинин коопсуздугу;
соода предмети ар кандай товарды, продукцияны, кызмат көрсөтүүнү же соода кызмат көрсөтүүлөрүн чыгарууну камтыйт, бирок чектебейт;
сатып алуу-сатуу келишими – товардын сапаты, мөөнөтү, баасы жана сатып алуу-сатуунун башка шарттары, иштердин аткарылышы, кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө сатуучу (аткаруучу) менен керектөөчүнүн ортосундагы макулдашуу;
мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органы – техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган.
(КР 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери
Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ратификациялаган эл аралык келишимде керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө ушул Мыйзамда каралгандагыдан башкача эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
3-берене. Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагынан агартууга керектөөчүлөрдүн укугу
Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жагынан агартууга керектөөчүлөрдүн укугу мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана жалпы билим берүү жана кесиптик программаларга тийиштүү талаптарды киргизүү жолу менен, ошондой эле өз укуктары жөнүндө жана ушул укуктарды коргоо боюнча зарыл аракеттер жөнүндө керектөөчүлөргө маалымат берип туруу системасын уюштуруу аркылуу камсыз кылынат.
4-берене. Товардын (иштин, кызматтын) сапаты жана саны
1. Сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө сапаты жана саны келишимге ылайык келген товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
2. Келишимде товардын (иштин, кызматтын) сапаты жөнүндө шарттар айтылбаса сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө адатта ошол максатта пайдаланылуучу товарды (ишти, кызматты) берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
3. Эгерде сатуучу, аткаруучу келишим түзгөн учурда товарды сатып алуунун (ишти аткаруунун, кызмат көрсөтүүнүн) конкреттүү максаттары жөнүндө керектөөчү тарабынан кабарландырылса сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул максатка ылайык пайдалануу үчүн жарактуу болгон товарды берүүгө (ишти аткарууга, кызмат көрсөтүүгө) милдеттүү.
4. Үлгүсү жана (же) сүрөттөлүшү боюнча товарды сатууда сатуучу керектөөчүгө үлгүгө жана (же) сүрөттөлүшүнө ылайык келген товарды берүүгө милдеттүү.
5. Эгерде стандартта товардын (иштин, кызматтын) сапатына милдеттүү талаптар каралса, сатуучу (аткаруучу) керектөөчүгө ушул талаптарга ылайык келген товарды берүүгө (ишти аткарууга кызмат көрсөтүүгө).
6. Керектөөчү товардын (иштин, кызматтын) иш жүзүндө алынган саны үчүн төлөөнүн накталай жана/же накталай эмес формасында акы төлөйт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда товарларга, иштерге жана кызматтарга акы төлөө алдын ала төлөөнү киргизүү жолу менен да жүргүзүшү мүмкүн.
Керектөөчү чыны менен алган товардын (иштин, кызматтын) эсебин алуу таразалардын, приборлордун, аспаптардын, эсептегичтердин жана башка өлчөө бирдейлигин камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык текшерүүдөн өткөн, бекитилген типтеги өлчөө каражаттарынын көрсөтүүлөрү боюнча сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) тарабынан жүргүзүлөт, камсыз кылынат.
Аталган жана керектөөчү алган товарлардын (иштердин, кызматтардын) санынын жекече эсебин алуунун башка чен-өлчөм приборлору сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) менчиги болуп эсептелет жана ал тарабынан тейленет.
Эгерде сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүгө келишимде каралгандан аз санда товар (иш, кызмат) берсе, келишимде башкача каралбаса, мындай учурда сатуучу керектөөчү тарткан чыгымдын ордун толук төлөп берүүгө милдеттүү.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2013-жылдын 13-февралындагы N 15, 2015-жылдын 31-январындагы N 29, 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) товардын (иштин) колдонулуу мөөнөтүн, жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле товардын (иштин) кепилдик мөөнөтүн белгилөө жагындагы укуктары жана милдеттери
1. Узакка пайдаланылуучу товарга (ишке) даярдоочу (аткаруучу) колдонулуу мөөнөтүн – даярдоочу (аткаруучу) керектөөчүгө товарды (ишти) тиешесине жараша пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу жана анын күнөөсү менен пайда болгон олуттуу кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартуу аралыгында милдеттенген мезгилди белгилөөгө укуктуу.
2. Даярдоочу (аткаруучу) узак пайдаланылуучу товардын (иштин), анын ичинде белгилүү мезгил өткөндөн кийин керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу үчүн коркунуч келтирүү, анын мүлкүнө же курчаган чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон комплектилөөчү жасалгалардын ( тетиктердин, тоомдордун, агрегаттардын) колдонулуу мөөнөтүн белгилөөгө милдеттүү.
3. Товардын (иштин) колдонулуу мөөнөтү убакыт бирдиктери, ошондой эле товардын функциялык багыттарына (иштин натыйжасына) негизденүү менен башка өлчөө бирдиктери (километр, метр жана башка бирдиктер) менен эсептелиши мүмкүн.
4. Тамак-аш азыктарына, парфюмериялык-косметикалык товарларга, медикаменттерге, турмуш-тиричилик химиясынын товарларына жана башка ушул сыяктуу товарларга (иштерге) даярдоочу (аткаруучу) жарактуулук мөөнөтү – өтүп кеткенден кийин товар (иш) максатына жараша пайдалануу үчүн жараксыз жана керектөөчүлөргө сатып өткөрүүгө болбойт деп эсептеле турган мезгилин белгилөөгө милдеттүү. Мындай товарлардын (иштердин) тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Белгиленген мөөнөтүнөн өтүп кеткен товарды, ошондой эле колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү белгиленүүгө тийиш болгону менен, андай мөөнөт коюлбаган товарды сатууга (иштерди аткарууга) тыюу салынат.
6. Даярдоочу (аткаруучу) товарга (ишке) кепилдик мөөнөт – анын ичинде товарда (иште) кемчилиги табылган учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) ушул мыйзамдын 17 жана 38-беренелеринде белгиленген керектөөчүнүн талабын аткарууга милдетүү болгон мезгилин белгилөөгө милдеттүү.
7. Товардын кемчилдиги айкындалган учурда сатуучу тарабынан белгиленген кошумча кепилдик мөөнөттүн ичинде сатуучу ушул Мыйзамдын 17 жана 38-беренелеринде белгиленгендей керектөөчүнүн талабын канааттандырууга милдеттүү.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
6-берене. Керектөөчүнүн товардын (иштин, кызматтын) коопсуздугуна укугу
1. Керектөөчү товар (иш, кызмат) кадимки шартта пайдаланылып, сакталып, ташылып жана утилге чыгарылган учурда керектөөчүнүн өмүрү, ден соолугу, айлана-чөйрө үчүн коопсуз болушуна, ошондой эле керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирбөөсүнө укуктуу.
Керектөөчүнүн өмүрү жана ден соолугу, курчаган чөйрө үчүн товардын (иштин, кызматтын) коопсуздугун камсыз кылууга тийиш болгон талаптар, ошондой эле керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу милдеттүү болуп саналат жана мыйзамда аныкталган тартипте белгиленет.
2. Даярдоочу (аткаруучу) белгиленген колдонулуу мөөнөтүнүн же товардын (иштин, кызматтын) жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде товардын (иштин) коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү.
Товардын (иштин) коопсуздугун камсыз кылбоонун кесепетинен керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян ушул мыйзамдын 15-беренесине ылайык өндүрүлүүгө тийиш.
3. Эгерде товарды (ишти, кызматты) пайдалануу, сактоо, ташуу жана утилге чыгаруу коопсуздугун камсыз кылуу үчүн атайын эрежелерди (мындан ары – эрежелер) сактоо зарыл болсо, даярдоочу (аткаруучу) товардын (иштин), кызмат көрсөтүүнүн коштомо документациясында, этикеткасында марка коюу же башка ыкма менен ушул эрежелерди көрсөтүүгө, ал эми сатуучу (аткаруучу) ушул эрежелерди керектөөчүгө маалымдап жеткирүүгө милдеттүү.
4. Техникалык регламенттер менен керектөөчүнүн өмүрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу жана керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирүүгө жол бербөөчү талаптар белгиленген товар (иш, кызмат), ошондой эле керектөөчүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коопсуздукту камсыз кылуучу каражаттар белгиленген тартипте ылайык келүүсүн милдеттүү түрдө ырастоого тийиш. Милдеттүү сертификациядан өткөрүлүүгө тийиш болгон товарлардын (иштердин, кызматтардын) тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
5. Эгерде керектөөчү тарабынан товарды (ишти) пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелери сакталганы менен ал керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө, курчап турган чөйрөгө зыян келтирсе же зыян келтириши мүмкүн экендиги белгилүү болгон учурда даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) зыян келтирүүнүн себебин четтеткенге чейин, аны чыгарууну (сатып өткөрүүнү) дароо токтото турууга, ал эми зарыл учурларда аны жүгүртүүдөн алып салуу жана керектөөчүдөн (керектөөчүлөрдөн) чакырып алуу боюнча чара көрүүгө милдеттүү.
Эгерде зыян келтирүүнүн себебин четтетүү мүмкүн болбогон учурда, даярдоочу (аткаруучу) мындай товарды (ишти, кызматты) өндүрүштөн алып салууга милдеттүү. Даярдоочу (аткаруучу) товарды, (ишти, кызматты) өндүрүштөн алып салуу милдетин аткарбаган учурда, аны жүгүртүүдөн чыгаруу жана керектөөчүлөрдөн жыйноо товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) коопсуздугуна мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органынын (анын аймактык органдарынын) буйругу боюнча жүргүзүлөт.
Товарды (ишти, кызматты) кайта алууга байланыштуу керектөөчүгө келтирилген зыян даярдоочу (аткаруучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.
6. Эгерде сатуучу (аткаруучу) керектөөчүлөрдүн өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн коркунуч келтирген товарларды саткан (иштерди аткарган)учуру аныкталса, мындай товарлар (иш) сатуучудан (аткаруучудан) мыйзамда белгиленген тартипте алынып коюлат.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Керектөөчүнүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу жана товарлар (иштер,кызматтар) жөнүндө маалымат алуу укугу
1. Керектөөчү даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тууралу, анын иш режими жана ал сатып жаткан товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө зарыл жана так маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтар соода-сатык келишими жана иштердин аткарылышы (кызмат көрсөтүлүшү) жөнүндө келишимдер түзүлгөн учурда кадимки жана күнүмдүк билим тармагындагы сөздөрдү, алгылыктуу өлчөмдөгү шрифти же кагаз бетинде даана көрүнгөн сыяны пайдалануу менен мамлекеттик жана расмий тилдеринде керектөөчүлөрдү тейлөөнүн айрым чөйрөлөрүндө кабыл алынган ыкмалар менен көрсөтмөлүү жана жеткиликтүү түрдө керектөөчүлөргө маалымдалат.
(КР 2009-жылдын 8-декабрындагы N 307 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө маалымат
1. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) өз уюмунун фирмалык аталышын (аталыштарын), анын жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) жана иштөө режимин керектөөчүгө билдирүүгө милдеттүү. Сатуучу (аткаруучу) көрсөтүлгөн маалыматтарды көрнөктүн бетине түшүрөт.
Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) – жеке ишкер – керектөөчүгө өзүн каттаган органдын аталышы жана мамлекеттик каттоо туурасында маалымат берүүгө тийиш.
2. Эгерде даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жүргүзүп жаткан иштин түрү (түрлөрү) лицензияланууга тийиш болсо, керектөөчүгө лицензиянын номери, анын колдонулуу мөөнөтү жөнүндө маалымат, ошондой эле керектөөчүнүн талабы боюнча ушул лицензия берген орган тууралу маалымат берилүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган маалыматтар ошондой эле соода-сатык, керектөөчүлөрдү турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө убактылуу жайларда, жарманкелерде, күркөлөрдө жүргүзүлгөн учурда жана соода керектөөчүлөрдү турмуш-тиричилик жана башка жагынан тейлөө сатуучу (аткаруучу) туруктуу жайгашкан жерден тышкары жерде жүргүзүлгөн башка учурларда да керектөөчүлөргө маалымдалууга тийиш.
9-берене. Товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалыматтар
1. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) керектөөчүгө товарларды туура тандап алууга мүмкүнчүлүк бере тургандай кылып товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө зарыл жана так маалыматтарды өз учурунда берип турууга милдеттүү. Товарлардын (иштердин, кызматтын) айрым түрлөрү боюнча керектөөчүлөргө маалымат жеткирүүнүн тизмеси жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда – ошондой эле чет тилдеринде баяндалышы керек.
2. Товарлар (иштер, кызматтар) жөнүндө маалымат милдеттүү тартипте төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) анын милдеттүү талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон стандарттардын белгилерин;
товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) негизги керектелүү касиеттери жөнүндө маалыматтарды, ал эми тамак-аш азыктарына карата – составы (анын ичинде аларды даярдоо процессинде пайдаланылган башка тамак-аш продуктылары жана тамак-аш кошулмалары гендик-инженердик-модификацияланган органдарды колдонуу менен алынган компоненттердин тамак-аш азыктарында болушу жөнүндө маалымат (маркировка)) жөнүндө, салмагы жана көлөмү жөнүндө, тамак-аш продуктыларынын калориялуулугу жөнүндө, стандарттардын милдеттүү талаптары менен салыштырганда аларда ден соолук үчүн зыяндуу заттардын камтылышы жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле оорулардын айрым түрлөрүндө колдонууга болбой турган жактары жөнүндө маалыматтарды. Оорулардын айрым түрлөрүндө колдонууга болбой тургандыгы туурасындагы маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү беките турган товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) тизмесин;
товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) баасын, далдалчылык акылары жана тарифтер улуттук валютада жана (же) пайыздык туюнтмада, ошондой эле аларды сатып алуу шарттарын;
эгерде ал ушул Мыйзамга ылайык белгиленсе, кепилдик мөөнөтүн;
товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) натыйжалуу жана коопсуз пайдалануу эрежелерин жана шарттарын;
ушул Мыйзамга ылайык белгиленген товарлардын (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) колдонулуу мөөнөтүн жана жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөндөн кийин керектөөчүнүн зарыл аракеттери жөнүндө жана товарлар (иштер) көрсөтүлгөн мөөнөтү өткөндөн кийин керектөөчүнүн, өмүрү, ден соолугу жана мүлкү үчүн коркунуч келтирсе же милдетине жараша пайдалануу үчүн жараксыз болуп чыкса, мындай аракеттерди аткарбай коюунун мүмкүн болгон кесепеттери жөнүндө маалыматтарды;
даярдоочунун (аткаруучу, сатуучунун) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) жана даярдоочу (сатуучу) тарабынан керектөөчүлөрдөн дооматтарды кабыл алууга укук берилген жана товарларды (иштерди) ремонттоочу жана техникалык жактан тейлөөчү уюмдардын (уюмдар) жайгашкан жерин;
милдеттүү түрдө сертификацияланууга тийиш болгон товарлардын (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) сертификациясы жөнүндө маалыматтарды; товарларды сатуу (иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү) эрежелери жөнүндө маалыматты.
Эгерде керектөөчү сатып алган товар мурда колдонулган болсо же анын кемчилиги (кемчиликтери) четтетилсе, керектөөчүгө ушул туурасында маалымат берилүүгө тийиш.
3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган маалыматтар товарларга (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) тиркелүүчү техникалык документацияда, этикеткаларында,маркаларында же товарлардын (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) айрым түрлөрү үчүн кабыл алынган башка ыкма менен керектөөчүгө маалымдалууга тийиш. Товарлардын (иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн) ылайык келүүсүн ырастоо жөнүндө маалымат белгиленген тартипте маркалоо түрүндө жана сертификациялоо же декларациялоо жүргүзүлгөндүгү (ылайык келүүсү жөнүндө сертификаттын жана декларациянын номери) жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен берилет.
Эгерде товарлардын техникалык документтери (техникалык паспорт, пайдалануу боюнча көрсөтмө жана башкалар) чет тилде болсо, анын мамлекеттик жана расмий тилиндеги котормосу сөзсүз болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын аймагында кутуларга салынган же оролуп таңгакталган тамак-аш азыктары алардын даярдалган жери жана аларды жасаган жөнүндөгү маалыматтар менен жабдылууга тийиш.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42, 2008-жылдын 18-июлундагы N 158, 2009-жылдын 8-декабрындагы N 307, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 21-февралындагы N 38 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
10-берене. Сатуучунун (аткаруучунун) иш режими
1. Мамлекеттик, муниципалдык соода, турмуш-тиричилик уюмдарынын жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн башка түрлөрүнүн иштөө режими тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими боюнча белгиленет.
2. Соода, турмуш-тиричилик чөйрөсүндө иш жүргүзгөн жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн башка түрлөрүн жүргүзгөн жана ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлбөгөн уюмдардын, ошондой эле жеке ишкерлердин иш режими алардын өздөрү тарабынан өз алдынча белгиленет.
3. Сатуучунун (аткаруучунун) иш режими керектөөчүлөргө маалымдалат жана белгиленген убактысына ылайык келүүгө тийиш.
11-берене. Товар (иш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө, даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө туура эмес маалымат бергендиги үчүн даярдоочунун (аткаруучунун, сатуучунун) жоопкерчилиги
1. Товар, сертификациялоо, баа, спонсорлук жөнүндө жалган маалымат бергендиги үчүн даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Эгерде товар (иш, кызмат) жөнүндө, ошондой эле даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) жөнүндө туура эмес, башкача айтканда жалган же анча толук эмес маалымат берүү төмөндөгүлөргө алып келсе:
керектөөчү өзүнө зарыл болгон касиетке ээ эмес товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) сатып алса, керектөөчү келишимди бузууга жана товарга төлөнгөн сумманы толугу менен кайтарып алууну жана тарткан чыгымдарды калыбына келтирүүнү талап кылуу укуктуу. Мында керектөөчү товарды (аткарылган ишти) даярдоочуга (аткаруучуга, сатуучуга) кайтарып берүүгө милдеттүү;
сатып алган товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) өз максатында пайдаланууга мүмкүн болбосо, керектөөчү ага жетиштүү кыска мөөнөттө тийиштүү маалымат берүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде андай маалымат айтылган мөөнөтүндө берилбесе, керектөөчү келишимди бузууга жана товарга төлөнгөн сумманы толугу менен кайтарып алууну жана тарткан чыгымдарды калыбына келтирүүнү талап кылууга акылуу. Мында керектөөчү товарды (аткарылган ишти) даярдоочуга (аткаруучуга, сатуучуга) кайтарып берүүгө милдеттүү.
керектөөчүгө берилгенден кийин товардын (иштин) кемчилдиги билинсе, ал ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-4-пункттарында каралган талаптарды сатуучуга (даярдоочуга) коюуга же аткаруучуга ушул Мыйзамдын 18-беренесинин 1-пунктунда каралган талаптарды коюуга укуктуу;
керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирилген учурда, ал даярдоочудан (аткаруучудан, сатуучудан) ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган тартипте зыяндын ордунун толукталышын талап кылууга, ошондой эле керектөөчүнүн менчигинде (пайдалануусунда) турган жаратылыш об”ектилерине келтирилген чыгашанын ордун толук өндүрүп берүүнү талап кылууга акылуу.
3. Товар (иш, кызмат көрсөтүү) жөнүндө жалган же анча толук эмес маалыматтардан улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө керектөөчүнүн талаптары каралган учурда, товардын (иштин, кызматтын) касиеттери жана мүнөздөмөлөрү жөнүндө керектөөчүнүн атайын билими жок экендиги жөнүндө болжолго таянуусу зарыл.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн сатуучунун (даярдоочунун, аткаруучунун) жоопкерчилиги
1. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн мыйзамдарда же келишимде каралгандай жоопкерчилик тартат.
2. Керектөөчүгө келтирилген зыян ушул Мыйзамда же келишимде айып төлөм (пеня) ашкан толук суммасында өндүрүлүп берилүүгө тийиш.
3. Айып төлөмдү (пеняны) төлөө жана чыгашанын ордун толтуруу сатуучуну (даярдоочуну, аткаруучуну) керектөөчүнүн алдында ага жүктөлгөн милдеттенмелерди аткаруудан бошото албайт.
4. Сатуучу (даярдоочу, аткаруучу) эгерде милдеттенмесин аткарбай коюу же аны туура эмес аткаруу колдон келбеген күчтүн кесепетинен, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча болгондугун далилдей алса, милдеттенмесин аткарбагандыгы үчүн же милдеттенмесин туура эмес аткаргандыгы үчүн тарта турган жоопкерчиликтен бошотулат.
(КР 2002-жылдын 20-мартындагы N 42 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. Товардын (иштин, кызматтын) кемчилигинен улам келтирилген зыян үчүн мүлктүк жоопкерчилик
1. Товардын (иштин, кызматтын) конструктивдүү өндүрүштүк рецептуралык же башка кемчиликтеринин кесепетинен керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.
2. Товардын (иштин, кызматтын) кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыянды өндүрүүнү талап кылуу укугуна сатуучу (аткаруучу)менен келишимдик мамиледе болгондугуна же болбогондугуна карабастан ар кандай жапа чегүүчү ээ.
3. Керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө зыян товардын (иштин) белгиленген колдонулуу мөөнөтүнүн же жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде келтирилсе, анда зыян өндүрүлүп берилүүгө тийиш.
Эгерде ушул Мыйзамга ылайык даярдоочу (аткаруучу) тарабынан товарга (ишке) колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү коюлууга тийиш болуп, бирок ал коюлбаса, же товар сатылган (иш аткарылган) керектөөчү колдонулуу мөөнөтү же жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийинки зарыл аракеттер жана көрсөтүлгөн аракеттер аткарылбаган учурда, мүмкүн болуучу натыйжалар жөнүндө эскертилбесе, зыян келтирилген убактысына карабастан кайтарылууга тийиш.
Эгерде ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 1-пунктуна ылайык даярдоочу (аткаруучу) товарга (ишке) колдонулуу мөөнөтүн койбосо, келтирилген зыян товар (иш) керектөөчүгө берилген күндөн тартып он жылдын ичинде, ал эми берилген күнүн тактоо мүмкүн болбосо, товар даярдалган күндөн тартып (иш аткарылып бүткөндөн) зыян өндүрүлүп берилет.
Товардын кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыян жабыркоочунун каалоосу боюнча сатуучу же даярдоочу тарабынан товар өндүрүлүп берилет.
Иштин же кызмат көрсөтүүнүн кемчилигинин кесепетинен келтирилген зыян аткаруучу тарабынан өндүрүлүп берилүүгө тийиш.
4. Даярдоочу (аткаруучу) материалдарды, жабдууларды, аспаптарды жана товар чыгаруу (иш аткаруу, кызмат көрсөтүү) үчүн зарыл болгон башка каражаттарды пайдаланууга байланыштуу керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартат, мында илимий жана техникалык билимдердин деңгээли алардын өзгөчө касиетин табууга мүмкүндүк берээр бербеси эске алынбайт.
5. Даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) колдон келбес күчтүн кесепетинен же керектөөчү товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) пайдалануунун, сактоонун же ташуунун белгиленген эрежелерин бузгандыктан зыян келтирилгендигин далилдей алса, жоопкерчиликтен бошотулат.
14-берене. Моралдык зыянды компенсациялоо
Даярдоочунун (аткаруучу, сатуучу) же даярдоочунун (сатуучунун) милдетин аны менен түзүлгөн келишимдин негизинде аткарган уюмдун бузуусунан улам керектөөчүгө келтирилген моралдык зыян, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагындагы мамилелерин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана нормативдик укуктук актыларында каралган керектөөчүнүн укуктары зыян келтирүүчүнүн күнөөсү болгон учурда компенсацияланат. Моралдык зыянды компенсациялоонун өлчөмү сот тарабынан аныкталат.
Моралдык зыянды компенсациялоо мүлктүк зыяндын жана керектөөчү тарткан зыяндын орду толтурулгандыгына карабастан ишке ашырылат.
Караңыз:
КР Жогорку сотунун пленумунун 2004-жылдын 4-ноябрындагы N 11 “Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү мыйзамдарды колдонуунун соттук тажрыйбасынын кээ бир маселелери туурасында” токтому
15-берене. Керектөөчүнүн укуктарын кыскан келишимдин шарттарынын жараксыздыгы
1. Керектөөчүнүн укуктарын кыскан жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жагынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына каршы келген келишимдин шарттары жараксыз деп табылат.
Эгерде керектөөчүнүн укуктарын кыскан келишимди аткаруунун натыйжасында керектөөчү чыгаша тартса, ал даярдоочу (аткаруучу, сатуучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлүүгө тийиш.
2. Бир товарларды (иштерди, кызматтарды) сатып алууну башка товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүнү) милдеттүү түрдө сатып алуу менен шарттоого тыюу салынат. Товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) эркин тандап алууга керектөөчүнүн укугун бузуунун кесепетинен ага келтирилген зыян сатуучу (аткаруучу) тарабынан толук көлөмүндө өндүрүлөт.
3. Сатуучу (аткаруучу) керектөөчүнүн макулдугусуз акыга кошумча кызмат көрсөтүүгө укуксуз. Керектөөчү өзүнүн макулдугусуз көрсөтүлгөн кошумча кызмат үчүн төлөнгөн сумманы кайтарууну сатуучу (аткаруучудан) талап кылууга укуктуу.
(КР 2013-жылдын 3-августундагы N 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Керектөөчүлөрдүн укуктарын соттук, администрациялык жана коомдук коргоо
1. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө доолор сотко Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 28-статьясында белгиленген эрежелерге ылайык берилет.
3. Мамлекеттик монополияга каршы орган, товарлардын (иштердин, кызматтардын) сапатын жана коопсуздугун контролдоочу мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) өз ыйгарым укуктарынын чектеринде сотко чейинки коргоону жүзөгө ашырат, ошондой эле керектөөчүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко доо берүүгө укуктуу.
4. Укуктарынын бузулушу менен байланышкан доолор боюнча керектөөчүлөр, ошондой эле монополияга каршы мамлекеттик орган, товарлардын (иштердин, кызматтардын) сапатына жана коопсуздугуна контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн) кызыкчылыгы үчүн коюлган доолор боюнча керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) мамлекеттик алым төлөөдөн бошотулат.
5. Сот керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн), керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдардын ушул Мыйзамда белгиленген талаптарын канааттандырганда, сот керектөөчүнүн укугун бузган сатуучудан (даярдоочудан, аткаруучудан) керектөөчүнүн талаптарын канааттандыруунун ыктыярдуу тартибин сактабагандыгы үчүн доонун баасынын өлчөмүндө республикалык бюджетке айып тарттыруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.
Эгерде керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелери (алардын союздары, ассоциациялары) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары керектөөчүнүн (керектөөчүлөрдүн тобунун, керектөөчүлөрдүн анык болбогон чөйрөсүнүн) укугун коргоо үчүн доо арызы менен чыгышса, өндүрүлгөн айыптын суммасынын элүү пайызы көрсөтүлгөн бирикмелерге (алардын союздарына, ассоциацияларына) же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына которулат.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (комиссиялары) тарабынан керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулуу фактылары каралганда жана алар бузуучуларга администрациялык айып салганда, керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) материалдары боюнча салынган айыптардын суммасынын отуз пайызы ошол коомдук бирикмелердин (алардын союздарынын, ассоциацияларынын) бюджетине которулат.
(КР 2015-жылдын 31-январындагы N 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
II глава
Керектөөчүлөргө товарды сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо
17-берене. Сапаты жакшы эмес товарды сатуунун кесепеттери
1. Эгерде сатуучу тарабынан эскертилбеген сапаты жакшы эмес товар сатылса, керектөөчү өз каалоосу боюнча:
товардын кемчилигин акысыз четтетүүнү же керектөөчү же үчүнчү жак тарабынан ал кемчиликти оңдоого кеткен чыгымдарды өндүрүүнү;
сатык баасын тиешелүү түрдө азайтууну;
ошондой маркадагы (моделдеги, артикулдагы) товарга алмаштырууну;
сатык баасын тиешелүү түрдө кайра эсептөө менен башка маркадагы (моделдеги, артикулдагы) ошондой эле товарга алмаштырууну;
Соода-сатык келишимин бузуу жана сатуучуга талаптагыдай эмес сапаттагы товарды кайтарып берүү менен товар үчүн төлөнгөн акча суммасын кайтарып берүүнү талап кылат.
Мында керектөөчү ошондой эле сапаты жакшы эмес товарды сатуунун кесепетинен өзүнө келтирилген чыгашанын ордун толук толтурууну талап кылууга укуктуу. Чыгаша керектөөчүнүн тийиштүү талаптарын канааттандыруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген мөөнөттө өндүрүлөт.
Ушул пункттун төртүнчү-алтынчы абзацтарында көрсөтүлгөндөй техникалык жактан татаал товарларга карата керектөөчүнүн талабы мындай товарлардан олуттуу кемчиликтер табылган учурда канааттандырылат. Мындай товарлардын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Керектөөчүлөргө сатуу үчүн сатуучу комиссиянын келишими боюнча сатып алган товарларга карата, ушул пункттун экинчи жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн керектөөчүнүн талаптары сатуучунун макулдугу менен канааттандырууга тийиш.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар түзүлгөн келишимдин негизинде сатуучуга же сатуучунун милдетин аткарган уюмга керектөөчү тарабынан коюлат.
3. Керектөөчү ушул берененин 1-пунктунун экинчи жана төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн талаптарды даярдоочуга же аны менен келишимдин негизинде даярдоочунун милдетин аткарган уюмга коюуга укуктуу.
Мындай талаптарды коюунун ордуна керектөөчү сапаты жакшы эмес товарды даярдоочуга кайтарып берүүгө жана мындай товарга төлөнгөн сумманын кайтарылышын талап кылууга укуктуу.
4. Жарактуулук мөөнөтү коюлган сапаты начар товарды керектөөчү сатып алган учурда сатуучу мындай товарды сапаты жакшы товарга алмаштырып берүүгө же эгерде товардын кемчилиги жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде табылса керектөөчүгө төлөнгөн сумманы кайтарып берүүгө милдеттүү.
5. Керектөөчүнүн талаптары керектөөчү тарабынан товардын же кассалык чек же товарларды накталай эмес формада төлөгөндүгүн ырастаган документ көрсөтүлгөндө, ал эми кепилдик мөөнөтү коюлган товарларга карата техникалык паспорту же башка аны алмаштырган документи көрсөтүлгөндө каралат.
Сатуучу керектөөчүгө товардык чек же сатып алуу фактысын күбөлөндүргөн башка документ берүүгө милдеттүү.
Сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даяр<