2022-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматында Бишкек шаарындагы: ЖЧК «Аламүдүн базары», ЖЧК «Ош базары», ЖЧК «Орто-Сай Трейд», ЖЧК «Сары- Өзөн базары», ЖЧК «Акиф», ЖЧК «Чынар», «Чолпон» базарларынын өкүлдөрүнүн кызматкерлери үчүн тегерек стол өткөрүлдү.
Жыйындын негизги темасы Бишкек шаарындагы базарларда контролдук таразаларды, арыз жана сунуш кутучаларын орнотуу болду. Ошону менен бирге, 2014-жылдын 9-июлундагы №118 “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө”, 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 “Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын айрым түрлөрүнө соода жүргүзүүнүн эрежелери”, 1997-жылдын 10-декабры №90 “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, талаптарынын аткарылышы түшүндүрүлдү.
Базар өкүлдөрү тарабынан ченөө каражаттарын текшерүү үчүн тарифтерге өзгөртүү киргизүү маселесин көтөрүштү.