Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмүнүн адистери 2022-жылдын 15-ноябрда Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында көмүр сатуу түйүндөрүнө мониторинг жүргүзгүлдү.
Мониторинг учурунда кызматкерлер көмүр сатуучу ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салган баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн баа белгилери жана ченөө каражаттары болушу зарыл экенин айтылды.