Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмү тарабынан расмий тилде тышкы жарнакты жайгаштыруу боюнча мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул Кыргыз Республикасынын «Жарнама жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна карама-каршы келет. Жогорудагылардын негизинде «Улук-Ата» кафенин жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар” Кодексинин 403-беренесине ылайык жаза колдонуу боюнча протокол түзүлдү.