Бүгүн, 2022-жылдын 10-октябрында Монополияга каршы аракеттенүүнүн алкагында монополияга каршы органдын аянтчасында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы К.Д. Тайлаковдун төрагалында жумушчу жыйын болуп, анда ички авиа ташуулар үчүн авиабилеттердин баалары, көйгөйлүү жагдайлар жана түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдору талкууланды.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация агенттигинин жана «Авиа Траффик Компани» ЖЧКсынын, «Тез Жет» ЖЧКсынын жана «Аэро Номад Эйрлайнс» ЖЧКсынын өкүлдөрү катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында аба жүргүнчүлөрдү ташуу рыногунда кызматташуу боюнча үч тараптуу Келишимдин долбоорун биргелешип иштеп чыгуу жөнүндө макулдашууга жетишилди (Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация агенттиги, ички аба каттамдарын аткарган авиакомпаниялар).
Мындан тышкары, Кызматтын ыйгарым укуктарынын чегинде авиакомпаниялардын жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын теңдөө максатында авиакомпанияларга төмөндөгү сунуштар берилди:
– “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын так аткаруу;
– керектөөчүлөрдүн укуктарынын бузулушуна жол бербөө үчүн бааларды кармап туруу жана көзөмөлдү күчөтүү боюнча мүмкүн болгон бардык чараларды көрүүгө, ошондой эле керектөөчүлөрдөн келип түшкөн арыздарына көңүл буруу;
– алдын алуучу чараларын көрүү максатында авиабилеттерди сатуу боюнча кызматтарды көрсөтүү укугун берүү жөнүндө келишимдер түзүлгөн агенттердин тизмесин берүү;
– рынок конъюнктурасы өзгөргөн учурда алдын алу