2022-жылдын 26-октябрында Талас облустук бөлүмү тарабынан, сүттү кайрадан иштетүү менен иш алып барган жана үстөмдүк абалды ээлеген субъектиси “Арашан” ААКга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 434-беренесинин негизинде, юридикалык жак катары 130 эсептик көрсөткүч менен 13000 (он үч миӊ) сом өлчөмдө айып пул салынып, бирдиктүү укук бузуулар реестрине катталды. Айтылган ишканага буга чейин бөлүм тарабынан тийиштүү маалыматты бербегендиги үчүн көрсөтмө тапшырылган.
Талас облустук бөлүмү тарабынан ишкананын жетекчисине мыйзам бузуучулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.