Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын экономикасынын тармактарын жана калкын 2022-23-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү” №234-токтомунун алкагында Талас облустук бөлүм тарабынан дайыма көмүрдүн баасына монитринг жана баанын негизсиз жогорулап кетүүсүн алдын-алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
2022-жылдын 17-октябрында Талас шаарында жайгашкан көмүр сатуучу отун базасында жогору баада сатылып жаткан импорттук көмүр, Мононополияга каршы органдын Талас облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин негизинде көмүрдүн баасы 1000 сомго чейин төмөндөтүлдү.