2022-жылдын 13-декабрь күнү Бишкек шаарынын 7-кичи району 27/4 дареги боюнча “БАЙЭЛИМ МАРКЕТ” социалдык дүкөнүнүн ачылышы болду.
Дүкөндүн ачылышына Бишкек шаарынын Вице-мэри В.А.Мозгачева, КР ЭКМ караштуу Монополияга каршы жонгө салуу кызматынын (мындан ары –Кызмат) төрагасынын орун басары А.Ш.Тукунов, Кызматтын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Мойдинов жана жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын башчысы С.К.Оморов катышышты.
Социалдык дүкөндөрдү ачуу Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрацияларынын колдоосу жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин көмөгү менен “БАЙ ЭЛИМ КОМПАНИ” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылууда.
Социалдык дүкөндөрдө ун, кум шекер, өсүмдүк майы, туз, томат пастасы жана башка азык-түлүктөр сыяктуу социалдык маанилүү азык-түлүктөр өндүрүүчүлөрдүн (биринчи колго) баалары менен сатылат. Социалдык дүкөндөр азыктарды үйгө жакын жерден сатып алууга мүмкүндүк берет жана чекене соода түйүндөрүнүн ортосундагы атаандаштыкты өнүктүрөт жана ошону менен биринчи муктаждыктагы товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербейт.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын атаандаштык, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарынын жана өлчөө каражаттарына (таразалар) талаптардын сакталышын камсыз кылуу менен бирге, ошондой эле социалдык дүкөндөрдө социалдык маанилүү товарларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында мониторинг жүргүзөт.
Бүгүнкү күндө 2 социалдык дүкөн иштеп жатат, алар:
Ушундай эле социалдык дүкөндөрдү Чоң-Арыкта (Баха/Семетей) жана Арча-Бешикте (Түштүк магистраль/Шералиев) ачуу пландалууда.