Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана 2022-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта жүргүзүүдө айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы №39-р тескемеси менен бекитилген 2022-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планынын 13 пунктун аткаруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана комммерция министрлигине каараштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2022-жылдын 31-майындагы № 20 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу сатып алынуучу сапаты үчүнчү класстан төмөн болбогон аштык буудайдын сатып алуу баасы 1 килограммына 25,0 сом деңгээлинде белгиленди.