Териштирүүлөр, монополияга каршы мыйзамдарды сактоону жана жарнаманы контролдоо башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кайрулуусунун негизинде “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАКы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мамлекеттик тилди колдонуу боюнча талаптарын бузуу фактылары тастыкталган.
Бул факт боюнча “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАКына Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө мыйзамдарынын талаптарына ылайык сатылып жаткан товарларга маалымат көрсөтүү жолу менен Кыргыз Республикасынын “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 7, 9-беренелеринин талаптарын бузууну жоюуга эскертүү берилген. Мындан тышкары, мыйзам бузууларды андан ары болтурбоо максатында, “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАК соода түйүндөрүндө сатылып жаткан бардык товарларга жогоруда аталган мыйзамдын 7, 9-беренелеринин талаптарына ылайык келүү предметине инвентаризация жүргүзүүнү буйрулган.
“Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖАК тарабынан берилген эскертүү өз убагында аткарылды.