Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына “Puma CE” германиялык компаниясын ишеним кат менен көрсөткөн “АйПиЧойс” юридикалык компаниясынын кайрылуусу келип түшкөн.
Кайрылууга ылайык, “Sk” жана “AsB” дүкөндөрүндө “Puma” товардык белгисинин укуктук ээсинин уруксааты жок “Puma” товардык белгиси сатылууда, бул болсо Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамынын ченемдерин бузуу болуп саналат.
Карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча Кызмат тарабынан “Sk” дүкөнү катталган жеке ишкерге 65 000 сом өлчөмүндө, ошондой эле “AsB” дүкөнү катталган жеке ишкерге 65 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Азыркы учурда, “Sk” дүкөнү катталган жеке ишкер айып пулду төлөдү. Ал эми “AsB” дүкөнү тарабынан айып пул өз убагында төлөнбөгөн учурда, Кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, туум эсептеле тургандыгы тууралуу токтом чыгарылат.