Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги (мындан ары-Мамлекеттик агенттик) “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо предметине мамлекеттик сатып алууларга мониторингди жүзөгө ашырууда «Кыргыз-Почтасы» мамлекеттик ишканасы Мамлекеттик сатып алуулар порталында компьютердик жана адистештирилген жабдууларды алуу боюнча конкурс тууралуу жарыяны жайгаштырганы белгиленген (лоттун номери 181115132956916).
Порталга жайгаштырылган жеткирүүчулөргө квалификациялык талаптарды талдоо “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин талаптарына каршы келгендиги, атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келе турганы же алып келгендиги тууралуу төмөнкү шарттардын барлыгын тапкан:
- Конкурстун катышучусунда компьютердик жана адистештирилген жабдууну жеткирүүчү катары 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын барлыгынын зарылдыгы тууралуу. Бул талап ашыкча жогорку болуп эсептелет жана бардык башка талаптарга жооп берген айрым ак ниет жеткирүүчүлөрдүн катышуусун болтурбоого, чектөөгө алып келет же алып келиши мүмкүн.
- Талап, сатып алынган системдик блоктор, ноутбуктар жана мониторлор бир завод-даярдоочуда топтолушу жана тесттен өтүшү керек. Ошол эле учурда мониторлорду айрым даярдоочулар (мисалы Самсунг) системдик блокторду жана ноутбуктарды чыгарышпайт, муну менен катар бул даярдоочулардын мониторлорунун сапаты шектенүү пайда кылбайт. Ошол эле учурда системдүү блоктор менен катар башка өндүрүүчүнүн мониторлорун колдонуу системанын бүтүндөй ишке жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизбейт жана системдүү блоктун техникалык параметрлерине терс таасирин тийгизбейт.
- Мындан тышкары, чогуу пайдалануу, ошондой эле бир өндүрүүчүнүн системдүү блокторун жана башка өндүрүүчүлөрдүн ноутбуктарын бирдиктүү компьютердик тармакка бириктирүү аталган жабдуулардын ишке жөндөмдүүлүгүнө жана техникалык параметрлерине таасирин тийгизбейт. Муну менен катар, аталган талаптар атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келет же алып келиши мүмкүн.
- Жабдууларды өндүрүүчүлөрдөн авторизацияланган катты көрсөтүү зарылдыгы тууралуулар төмөнкүлөрдү тастыктоого тийиш:
- жабдууну өндүрүүчү боло турган жеткирүү тууралуу кабарланган жана аны көрсөтүлгөн мөөнөттө камсыздоого даяр;
- жабдууну өндүрүүчүт жабдуунун айтылган мүнөздөмөсүн тастыктайт;
- жабдууну өндүрүүчү кепилдик милдеттерди тастыктайт.
Ошону менен катар, конкурстун айрым катышуучулары кампаларда тиешелүү жабдуулары жана кепилдик тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу менен бул сыяктуу катка ээ болбошу мүмкүн, бул алардын аталган конкурска катышуусун мүмкүн эмес кылат. Мындан тышкары, конкурстун шарттары жеткирүүнү жүзөгө ашыргандан кийин жеткирилген товарга төлөмдү карайт, ошондой эле өз убагынан кечиктирип жеткиргендиги үчүн айып санкциялары берилет. Ошентип, бул талап басмырлоочу мүнөзгө ээ жана конкурстун айрым потенциалдуу катышуучулары үчүн тоскоолдуктарды белгилейт.
- Квалификациялык талаптардын 4-пункту менен көрсөтүлгөндөй, товарлар өндүрүмдүүлүгү жана эргономикалуулугу боюнча техникалык талаптарга ылайык болушу керек. Бирок, Квалификациялык талаптарда жабдуулардын эргономикалуулугуна ылайыктуулук критерийи так көрсөтүлгөн эмес, бул потенциалдуу түрдө конкурстун жеңүүчүсүн аныктоодо кыянаттык менен колдонууга алып келиши мүмкүн.
- Квалификациялык талаптар менен Windows 10 Pro-64 операциялык системасын кайра коюу каралган. Ошону менен катар, аталган операциялык система компьютердик жабдуулардын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелбейт жана башка операциялык системага алмаштырылууга тийиш. Мындан тышкары, ОС Windows 10 Pro-64 болсо Microsoft корпорациясынын өнүмү болуп эсептелет жана рынокто өзүнчө сатылат. Керек болгон учурда аталган өнүмдү өзүнчө лотко бөлүү керек. Мындан тышкары, конкурстук шарттарда кайра орнотулган операциялык системанын лицензиялык жыштыгы тууралуу талап көрсөтүлгөн эмес.
- Конкурстун өзгөчө шарттары менен жеткирилген жабдууларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу каралган. Муну менен катар, конкурстун шарттары боюнча жабдуулар DDP шартында жеткирилет. Мындан тышкары, жеткирүүлөргө төлөм жабдууларды кабыл алгандан кийин гана каралган. Ошентип, бул талап ашыкча болуп эсептелет, потенциалдуу катышуучуларга кошумча финансылык жүктү карайт жана конкурстун айрым потенциалдуу катышуучулары үчүн тоскоолдуктарды белгилейт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республкиасынын Мыйзамынын 18-1 – беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги «Кыргыз-Почтасы» мамлекеттик ишканасына мындай иш-аракет 2011-жылдын 22-июлундагы №116 “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесин жана 2013-жылдын 5-апрелиндеги №175 “Табигый монополиялар субъекттеринин товарларды (иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу эрежелеринин” 3-пунктун бузууга алып келе тургандыгына байланыштуу пландалган иш-аракеттердин (иш-аракетсиздиктин) аткарылышына эскертүү берген.