2021-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасынын жараны С.А.Снын арызын кароонун алкагында, Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренесин бузуу тууралуу ишти карады.
Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишин кароонун жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө болуп кирүүдө 20 000 сом өлчөмүндөгү кирүү төгүмү түрүндөгү тоскоолдукту алып салуу аркылуу монополияга каршы мыйзамды бузууну жоюу тууралуу Мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 24-октябрындагы №120 жазма эскертүүсүн аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренесине ылайык, 2-категориядагы айып түрүндө жаза колдонуу токтому чыгарылды.