2022-жылдын 8-декабрында «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн бааларына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндөгү» № 594, токтомунун аткарылышы боюнча, комиссия түзүлүп. Курамында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү, Нарын шаар мэриясы, экология жана техникалык көзөмөлдө кызматы, Нарын шаардык ИИМ, Нарын шаар жол коопсуздугу тарабынан көмүр сатуучуларга көмүрдүн баасынын негизсиз көтөрүлүшү жана Кыргыз Республикасынын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзамдарынын нормаларынын сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдү,
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Нарын облустук бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө», «Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамдарынын сакталышы боюнча, Нарын шаарындагы көмүр отунунун баасын белгилөө жөнүндөгү 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 07 буйругун орундоо үчүн түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, Нарын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мониторингдин жыйынтыгы менен 5 билдирүү берилип, эгерде жогоруда белгиленген мыйзамдардын бузуу аныкталса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик чаралары колдонулаары тууралуу түшүндүрмө берилди.