Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы (мындан ары – Кызмат), мунай компанияларынын өкүлдөрү менен биргеликте түзгөн иш планынын аткаруу негизинде жумушчу топту түздү, анын курамына “Газпром нефть-Азия” ЖЧКсынын, “Альфа Ой” ЖЧКсынын, “Шнос” ЖЧКсынын, “партнер Нефть” ЖЧКсынын, “РН-Кыргызнефтпродукт” ЖАКтын өкүлдөрү кирген.
Кызматтын төрагасынын орун басары А.Ш. Тукуновдун төрагалыгы астында жумушчу топ 2022-жылдын 24 баштап 29 августуна чейин, 10 май куюучу станцияда ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол бербөө боюнча көзөмөл жүргүзгөн.